Бишкектеги коомдук транспорттун көбүнө камера орнотулду

© Фото / Кристина КуманченкоТроллейбус. Архив
Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай иштер окуу жылына даярдык катары жүргүзүлүп жатканы айтылат.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бишкектеги жаңы автобустарга жана маршруттук таксилердин 80 пайызына камералар жана видеокаттагычтар орнотулду. Бул туурасында муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматта мындай иштер окуу жылына даярдык катары жүргүзүлүп жатканы айтылат.

"Быйыл 160 миң окуучу жана 105 миң студент билим алат. Биз окуу жылына даярдыкты баштадык. Шаардык транспорт башкармалыгынан тарта бардык бөлүмдөр күчөтүлгөн режимде иштөөдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия бул боюнча УКМК, ЖКККББ, ИИМ өкүлдөрү жана жеке фирмалардын жетекчилери менен чогулуш өткөргөн.

Муниципалитеттен коомдук транспорттогу чөнтөкчүлөрдүн саны азая электигине байланыштуу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо маанилүү экендигин белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0