Мигранььар. Архивдик сүрөт

Миграциянын кыргызстандык аялдарга тийгизген терс таасири айтылды

365
Форумга ар кыл өлкөлөрдөгү кыргызстандык диаспоралардын өкүлдөрү катышкан.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мигранттардын 60 пайызын кыз-келиндер түзөт. Бул тууралуу Екатеринбургдагы "Кыргызстан - Урал" коомдук уюмунун мүчөсү Гүлшан Дөөлөнбаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып айтты.

Белгилей кетсек, 2-августта Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен чет өлкөдөгү мекендештер менен байланышуу боюнча кеңештин биринчи жыйыны болуп өттү. Форумга дүйнө өлкөлөрүндө иш алып барган кыргызстандык диаспоралардын өкүлдөрү келген.

Дөөлөнбаеванын айтымында, иш-чарада экономикалык кырдаал жана инвестиция тартуу жаатында көбүрөөк кеп болгону менен миграциядагы аялдардын маселеси курч бойдон калууда.

"Кыргызстандык мигранттардын 60 пайызын кыз-келиндер түзөт. Алардын арасында кош бойлуулар, көп балалуулар, өспүрүм кыздар, жалгыз бой аялдар бар. Миграциядан улам алардын ден соолугу жабыркап жатат, ажырашуулар көбөйдү, ВИЧ, кургак учук сыяктуу ооруларды жуктуруп алгандар арбыды", — деди Дөөлөнбаева.

Ал Россияда саламаттыкты сактоо тармагында иштегендиктен, үй-бүлөсү же жумушундагы жетекчиси тарабынан зордук-зомбулукка кабылып, ооруканага кайрылган кыргызстандык кыз-келиндерди күнүгө кезиктире турганын кошумчалады.

365
Белгилер:
миграция, диаспора, ден соолук, зомбулук, кыз-келиндер
Тема боюнча
Ата-эненин мээриминен ажыраган балдар. Кыргызстандагы миграция тууралуу инфографика
Бейшенов: Кыргызстан боюнча 35 гана киши миграция маселесин чечет
Чуңкурчакта миграция жана гендердик маселелер боюнча жыйын өтүп жатат