Солтон-Сары: кытай компаниясы жумушчулары менен техникасын кенден чыгарып кетти

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүМесторождение золота "Савкинское" в Забайкальском крае
Месторождение золота Савкинское в Забайкальском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
6-августта чыр чыккан аймакка биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев барган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Солтон-Сары аймагында алтын кенин казып жаткан кытай компаниясынын бардык кызматкерлери аймактан чыгарылды. Техникалар Солтон-Сарыдан жакага түшүрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта чыр чыккан аймакка биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев барган.

Жолугушууда эл бийликке талап койгон.

"Жолугушууда эл «тез аранын ичинде техниканы чыгарып кеткиле» деген талап койгон. Элдин талабын премьерге жеткизүү үчүн Боронов кетип баратканда, эл кайта башка шарт койду. Бул ирет алар парламенттин спикери Дастан Жумабеков менен премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев үч күндүн ичинде бул жакка келсин, маселени жеринен чечсин дешти. Солтон-Сарыда болгон чогулуш ошентип аяктады", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, учурда нааразы болгон эл Нарын районунун Кара-Чий айылында боз үй тигип жол тосууга камынып жатканы айтылды. Милиция коопсуздукту көзөмөлдөп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0