БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Өкмөт аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жеке бакчага барган балдары үчүн акынын 50 пайызын төлөп берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык буйрутма программасын, ошондой эле бала бакчаларды куруу жаатында мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча кеңешмеде айтты.
Өкмөттүн тараткан маалыматында бүгүнкү күнү бала бакчалардын жетишсиздиги Бишкек менен Ош шаарларында аябай байкалып жатканы айтылат. Маселени чечүү үчүн мамлекеттик социалдык буйрутма программасы ишке киргизилмекчи.
Ушу тапта өлкөдөгү наристелердин 40 пайызы гана бала бакчага барат. Өкмөттүн программасына ылайык, 2023-жылга карата бул көрсөткүч 80 пайызды түзүүгө тийиш.
"Мамлекеттик колдоону көп балалуу (беш жана андан ашык) жана социалдык аяр үй-бүлөлөргө, ошондой эле багуучусун жоготкон үй-бүлөлөр жана айлык акысы 10-12 миңден төмөн болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ала алышат. Ата-энелердин биринин I же II топтогу майыптыгы бар үй-бүлөлөр дагы өтүнмө калтыра алышат", — деди Өмүрбекова.
2019-жылдын аягына чейин Бишкек шаарында жеке бала бакчаларга 1000, Ош шаарында 500 бала жайгаштыруу пландалууда. Бул үчүн жылына 48 миллион сом талап кылынат. Социалдык буйрутманы каржылоо Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын, Билим берүү жана илим министрлигинин эсебинен ишке ашат.
Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бала бакчалардын курулушу үчүн 10 жер тилкеси тандалган.
Планга ылайык, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча бардык бала бакчаларды борбор калаадагы жаңы конуштарга куруу пландалууда.