Вид на город Нарын

Өкүлчүлүк: Нарында трассаны бууган эч ким жок

96
(жаңыланган 15:36 07.08.2019)
Солтон-Сарыда алтын казган кытай компаниясынын ишине нааразы болгон эл Кара-Чий айылында жолдун жээгине боз үй тигип, жолду жабууга аракет кылып жатканы айтылган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Учурда Нарын районундагы Кара-Чий айылында чогулган эл жолду жапкан жок. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Ага ылайык, учурда абал туруктуу жана коомдук коопсуздукту Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөлдөп жатат.

Буга чейин Солтон-Сарыда алтын казган кытай компаниясынын ишине нааразы болгон эл Кара-Чий айылында жолдун жээгине боз үй тигип, жолду жабууга аракет кылып жатканы айтылган.

Белгилей кетсек, 5-август күнү Zhong Ji Mining компаниясынын кызматкерлери менен жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыгып, тараптар бири-бирин ташка алган. Натыйжада чатактан жабыркагандардын саны 40ка чамалап барган. 6-августта чыр чыккан аймакка биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, ИИМ башчысы Кашкар Жунушалиев жана башка аткаминерлер барышкан.

Жолугушууда эл бийликке талап койгон, анын ичинде премьер менен спикер келип, чыр-чатакка жеринен чекит коюшсун деген да шарт бар. Бул окуялардан кийин кытай компаниясы жумушчулары менен техникаларын кенден алып чыгып, ишкана ишин убактылуу токтоткон

96
Белгилер:
өкүлчүлүк, жол тосуу, Солтон-Сары жайлоосу, Нарын
Тема:
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясында августта чыккан чыр (19)
Тема боюнча
Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы ишин убактылуу токтотту
Солтон-Сарыдагы малдын кырылышы. Кытай компаниясы компенсация төлөмөй болду
Солтон-Сарыдагы чыр: нааразы болгон эл жол тосууга камынып жатат
Компьютердик томография кабинетинде иштеген лаборант. Архив

Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан адамдан рак аныкталды

36
(жаңыланган 14:39 27.09.2020)
Лейкемия Браунда 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда ал Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатат.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тарыхта биринчи ирет ВИЧтен айыккан Тимоти Рэй Браун аттуу бейтаптан дарыгерлер рак оорусун аныктап, ал акыркы стадиясына жетип калганын кабарлашкан. Бул тууралуу РИА Новости Associated Press басылмасына таянып кабарлады.

"Берлиндик пациент" деген ат менен таанымал эркек киши 2007-жылы лейкемия менен күрөшүү максатында сөөктүн чучугун алмаштырган. Жыйынтыгында ал ракты жеңип, ага чейин алышып келе жаткан ВИЧ-инфекциясынан да айыккан.

Ошондон бери анын организминен ВИЧ илдетинин бир дагы белгиси байкалган эмес. Бирок лейкемия 2019-жылы кайра пайда болуп, организмине тарап кеткен. Учурда Браун Калифорниядагы ооруканада дарыланып жатканы маалым болду.

Ак кандын биринчи белгилери кандай болот? Онкологдун жообу

Бүгүнкү күнгө карата ВИЧ инфекциясын толугу менен эки эле адам жеңген. Экинчи бейтапты "лондондук пациент" деп коюшат. Эки учурда тең ооруну жуктуруп алгандар донордун жардамы менен сөөк чучугун трансплантация кылдырышкан.

36
Белгилер:
рак, бейтап, оору, ВИЧ
Тема боюнча
ДССУ: бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрү катаал карантин киргизүүгө даяр турушу керек
Тейлөө кызматкерлер жолду белгилөө учурунда. Архив

Кырсыктарды алдын алуу үчүн Алматыда өзгөчө жол белгисин чийүү пландалууда

27
(жаңыланган 13:36 27.09.2020)
Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиев кызыл түстөгү жол чийин айдоочулардын көңүлүн өзүнө бурат деп эсептейт.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Алматы шаарында авариялык кооптуу делген жерлерге кызыл түстөгү жол белгисин чийүү пландалууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Шаардык административдик полиция башкармалыгынын жетекчиси Жандос Мураталиевдин айтымында, жол белгилерин чийүүдө азыр ар кандай инновациялык материалдар колдонулууда. Ошондой эле ак, сары, жашыл, кара сыяктуу ар кандай түстөр да кеңири пайдаланыла баштаган. Бирок натыйжаны күчөтүү максатында кызыл түстү да колдонуп көрүү каралууда.

"Кызыл түстөгү чийин — айдоочулардын көңүлүн буруудагы эң натыйжалуу ыкма", — деди Мураталиев.

Кызыл жол чийинин шаардагы кооптуу делген жерлерге колдонуу пландалып жатканы кошумчаланды.

27
Белгилер:
коопсуздук, кырсык, жол чийин, Алматы
Тема боюнча
Жолдун экинчи катарынан кайсы учурда кайрылса болот? Айдоочуга кулак кагыш