Бишкекте сатылган бензиндин сапаты кандай? Иликтөө

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаары менен Чүй облусунда жайгашкан он май куюучу жайдан бензиндин үлгүлөрү алынып, лабораторияларга тапшырылды. Sputnik Кыргызстан станциялардын ишин карап чыккан иликтөөнүн экинчи бөлүгүн сунуштайт.

Иликтөөнүн биринчи бөлүгү майдын кем куюлушу боюнча болчу. Кийинки текшерүү учурунда буга чейин аты аталган май куюучу жайлардан АИ-92 бензиндин үлгүсү алынган. Алар Стандартизация жана метрология борборуна («Кыргызстандарт») жөнөтүлдү. Анализ изилдөөчү ыкма менен жүргүзүлдү, мында октан саны 92ге туура келиши керек. Экспертиза нормага бир эле станциянын көрсөткүчү жетпей каларын көрсөттү. Ал эми үлгүлөрдү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан чакырылган «Кыргызстандарттын» кызматкери жүргүздү. Процесс үзгүлтүксүз видеого тартылып жатты.

Бишкек менен Чүйдө май саткан станциялардагы Аи-92 үлгүсүндөгү бензинди текшерүүнүн жыйынтыктары
Бишкекте сатылган бензиндин сапаты кандай? Иликтөө - Sputnik Кыргызстан
Бишкек менен Чүйдө май саткан станциялардагы Аи-92 үлгүсүндөгү бензинди текшерүүнүн жыйынтыктары

Бензин сапатынын мааниси канчалык?

Майдын сапатына октан саны, курамындагы күкүрт, суу, бензол, көмүрсуутек, спирт жана эфирдин көлөмү сыяктуу бир топ критерий таасир этет. Негизги элементтердин бири — октан саны. Эгер  октан саны унааңыздын кыймылдаткычына туура келбеген бензин куйсаңыз, чыгымга учурашыңыз толук мүмкүн. Ал эми тез-тезден май куюу  мотордун айрым бөлүктөрүн эскиртип жиберет.

© Sputnik / Элебесов МаксатҮлгү алардан мурун ар бир идишти ошол эле бензин менен жууп чыктык
Үлгү алардан мурун ар бир идишти ошол эле бензин менен жууп чыктык - Sputnik Кыргызстан
1/4
Үлгү алардан мурун ар бир идишти ошол эле бензин менен жууп чыктык
© Sputnik / Элебесов МаксатҮлгүлөрдү "Кыргызстандарттын" кызматкери алды
Үлгүлөрдү Кыргызстандарттын кызматкери алды - Sputnik Кыргызстан
2/4
Үлгүлөрдү "Кыргызстандарттын" кызматкери алды
© Sputnik / Элебесов МаксатАр бир станциядан АИ-92 маркасындагы бензиндин экиден үлгүсүн алып жаттык (экинчисин кошумча экспертиза керек болуп калса деп алып калдык)
Ар бир станциядан АИ-92 маркасындагы бензиндин экиден үлгүсүн алып жаттык (экинчисин кошумча экспертиза керек болуп калса деп алып калдык) - Sputnik Кыргызстан
3/4
Ар бир станциядан АИ-92 маркасындагы бензиндин экиден үлгүсүн алып жаттык (экинчисин кошумча экспертиза керек болуп калса деп алып калдык)
© Sputnik / Элебесов МаксатМайдын сапатын Бишкек менен Чүйдөгү 10 станциядан текшердик
Майдын сапатын Бишкек менен Чүйдөгү 10 станциядан текшердик - Sputnik Кыргызстан
4/4
Майдын сапатын Бишкек менен Чүйдөгү 10 станциядан текшердик
1/4
Үлгү алардан мурун ар бир идишти ошол эле бензин менен жууп чыктык
2/4
Үлгүлөрдү "Кыргызстандарттын" кызматкери алды
3/4
Ар бир станциядан АИ-92 маркасындагы бензиндин экиден үлгүсүн алып жаттык (экинчисин кошумча экспертиза керек болуп калса деп алып калдык)
4/4
Майдын сапатын Бишкек менен Чүйдөгү 10 станциядан текшердик

Эмне үчүн бир эле маркадагы май ар станциядан ар кандай жыйынтык көрсөттү?

Бензинди көпкө чейин коюп койсо, анын октан саны төмөндөй берет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Кыргызстандарттын" мунайзаттарын текшерүү лабораториясынын жетекчиси Юлия Солодкова айтып берди.

"Эгер октан саны айтылган чектен төмөн болуп калса, анда ал сактоо учурунда азайып кеткен же башынан эле стандартка төп келген эмес", — деди Солодкова.

Бирок эксперт октан санын атайын заттарды кошуп көбөйтүп коюу мүмкүн экенин кошумчалады. Адис муну менен бирге мамлекеттик стандарт боюнча анын түсү да аныкталганын белгиледи.

Кошумча заттардын кандай кооптуулугу бар?

Бишкектеги май куюучу жайлар бензинди кантип кем куят. Видео иликтөө - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги май куюучу жайлар бензинди кантип кем куят. Видео иликтөө
Россиянын Айдоочулар федерациясынын жетекчиси Сергей Канаев кошумча заттар түрүнө карап кыймылдаткычтын ишине жана адамдын саламаттыгына таасир этерин айтып берди.

"Адамдын ден соолугуна аябай зыян келтирсе да кыймылдаткычка анчейин таасир этпеген заттар бар. Мисалы, монометиланилин. Ал кооптуулуктун экинчи тобуна кирген уу болуп саналат да кыймылдаткычты иштен чыгарган затка караганда адамды тезирээк өлтүрөт", — деди Канаев.

Кыргызстанда бензиндин сапаты текшерилеби?

Акыркы 13 жылда Кыргызстанда бензиндин сапатын текшерген эч ким жок экенин Sputnik кабарчысы менен сүйлөшүп жатып Экотехинспекциянын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын жетекчиси Айнура Ахмеджанова белгиледи. Анын айтымында, мындай кырдаал мыйзамга улам-улам өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн натыйжасында түзүлгөн.

2006-жылы өкмөт токтом кабыл алып, бензиндин сапатын текшерүүнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өнөр жай коопсуздугу жана тоо көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекцияга тапшырган.

Кийинчерээк бул милдет ар кыл органдарга өткөрүлүп отурган, бирок метрологиялык көзөмөлдүн мааниси эске алынган эмес. Дал ушундан улам бензиндин сапатын текшерүү көңүл сыртында калып кеткен.

"2006-жылдан бүгүнкү күнгө чейин майдын сапатын текшерүү милдети эч кимге тапшырылган эмес. Азыр да эч ким муну менен алектенбейт, анткени ага укугу жок", — деди Ахмеджанова.

Бирок үстүбүздөгү жылдын 12-августунан тарта Экотехинспекция бензиндин сапатын текшерүү укугуна ээ болушат. Мекеменин адистери майдын үлгүлөрүн алып, лабораторияларга тапшырышмакчы. Тилекке каршы, ушул жерде бир маселе бар.

Акцизы на бензин и дизельное топливо повысили с 1 апреля - Sputnik Кыргызстан
Май куюучу жайлар кардарларды кантип алдайт? Мурун иштеп кеткендер сыр ачты
"Өлкө азырынча бензиндин сапатын текшерүүгө даяр эмес. "Кыргызстандарттын" лабораториясы жаңыланды, бирок тийиштүү реактивдер жок, адистер да аягына чейин окуудан өтүп бүтө элек", — деди башкармалыктын жетекчиси.

Кыргызстанда лабораториясы бар жалгыз нефтетрейдер компания гана экпертиза өткөрүүгө даяр. Мындан улам Экотехинспекция ушул компаниянын кызматын пайдаланышы мүмкүн. Бирок Ахмеджанованын айтымында, бул ишкананын атаандаштары текшерүүнүн объективдүүлүгүнөн күмөн санашы ыктымал.

Айдоочулар эмне кылышы керек?

Негизинен айдоочу өзү деле бензиндин үлгүсүн алып, анализге тапшырып, сапаты начар экени аныкталса сотко кайрыла алат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысына Россия Айдоочулар федерациясынын жетекчиси Сергей Канаев айтып берди. Бирок иш жүзүндө соттон утуп чыгуу кыйла оор экени айтылат.

"Колдон келгени — май куйган станцияны мамлекеттик органдан пландан тышкаркы текшерүүсүн талап кылуу. Эгер мамлекеттик кызматкерлер май куйгандан кийин дароо эле бензиндин үлгүсүн алып текшере турган болсо, айдоочу ушул текшерүүгө таянуу менен соттун чечимин чыгартып компенсация төлөтүп алууга жетишсе болот. Россияда мындай учурлар болгон, бирок саналуу гана. Айдоочу ондон бир учурда гана мындай мүмкүнчүлүккө ээ болот", — деди Канаев.

Анын айтымында, Россияда абалдан коомдук-мамлекеттик көзөмөлдү киргизүү менен чыгуу каралып жатат. Демилгеге ылайык, текшерүүгө укуктуу мамлекеттик органдар Айдоочулар федерациясы менен бирге май куйган жайдын ишин баалап, станциялардын рейтингин түзмөкчү. Айдоочулар тиркемени жүктөп алып, көңүлүнө төп келген жайды тандап ала алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0