Сотрудники милиции и жители села Кой-Таш после штурма дома Алмазбека Атамбаева

Эки достун кармашынан эл азап чекпесин! Соцтармак тынчтыкка чакырууда

531
(жаңыланган 13:22 08.08.2019)
Социалдык тармактын колдонуучулары бири-бирин чагымчылдыкка алдырбай, ынтымактуу болууга үндөп жатышат.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктар социалдык тармактар аркылуу пост жазып, өз пикирин билдирип жатышат. Арасында өлкөдөгү тынчтык баарынан маанилүү экенин белгилеп, элди ынтымакка чакыргандар арбын.

Белгилей кетсек, 7-августта кечки саат 20.00дөр чамасында УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып киришкен. Бирок мурдагы президентти кармай алышкан эмес. Анын тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, күч түзүмдөрү менен кагылышкан учурлар катталды. Андан соң Атамбаев бийликке кайрылуу жасап, баскынчылык кадамдарды токтотууга чакырган.

Акыркы маалымат боюнча, атайын операция учурунда ок атылып, 47 киши түрдүү жаракаттарды алган. Спецназдын бир жоокери ооруканада каза болду. Ал эми Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов башынан жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жатат. УКМК аскерлер желим ок гана колдонгонун, Атамбаевдин үйүнөн аскерий октор атылганын билдирүүдө.

Кырдаалга байланыштуу бүгүн, 8-августта, президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз сессияга чогулары маалым болду.

"Кыргызстан бизде бирөө эле! Мамлекетти ойлойлу!" — деп жазган Facebook тармагынын колдонуучусу Нурлис Токебаев.

Ал эми Шайыр Жунусалиев "Бектер кетет эл калат! Учурда элдин биримдиги маанилүү, бирөөнүн кара башы үчүн эки жаатка бөлүүнүн кереги" жок деп жазган.

Улукбү Амирова болсо мындай окуялардан кийин Кыргызстан коңшу өлкөлөргө уят болуп жатканын эскертти.

Орозбек Осмонов кыргыз элинин митингден тажаганына токтолуп, азыркы тапта биримдик керектигин жана чагымчылдык иштерге алдырбоого чакырды.

КСДПнын мурдагы мүчөсү Ренат Самудинов "Эки достун кармашында карапайым эл эле жапа чегип жатат. Эки тарап тең ок атууну токтотуш керек!" — деген пикирин жазган.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаттары да социалдык баракчалары аркылуу билдирүү жасап жатышат. Вице-спикер Аида Касымалиева "Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди кармоо иши мыйзам чегинде ишке ашуусу керек. Кандай болгон күндө да карапайым эл жабыр тартышына эки тарап тең жол бербеши абзел!" — деген таризде кайрылуу жасаган.

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков төрт сап ыр менен көөдөндөгү оюн билдирген.

Көз жаш... көз жаш... көздөн эрксиз тамасың,

Көрүп өлгөн кыргыздын бир баласын...

О, Жараткан, биримдик бер, ыйман бер,

Өзүң таап бер бул кырдаалдын чарасын...

531
Белгилер:
Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев, ынтымак, тынчтык, эл, Кой-Таш, тирешүү, социалдык тармак
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (180)
Тема боюнча
Кулов: УКМК шалаакы, мажирөө операциясы боюнча түшүндүрмө бериши керек
Атамбаевди кармоо операциясы. 2-күн. Учурда эмне болуп жатат
Башкы прокуратура Кой-Таштагы окуя боюнча кандай кылмыш иштери козголорун айтты
Мурдагы вице-премьер, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталып жаткан Аида Исмаилова. Архив

Исмаилова: өлкөдө коронавирустун экинчи толкуну башталды

100
(жаңыланган 12:32 28.10.2020)
Жыйында депутат Турускулов "бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну башталдыбы, ага даярдык кандай?" деген суроону узаткан.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну башталды. Бул тууралуу мурдагы вице-премьер, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталып жаткан Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Анда депутат Жыргалбек Турускулов Исмаиловага: "Бүгүнкү күндө Кыргызстанда коронавирустун экинчи толкуну башталдыбы, даярдык кандай?" - деген суроону узаткан.

"Өкмөт азыркы убакта экинчи толкунга даяр, негиздеме түзүлгөн. Эми негиздеме боюнча иштеш керек. Кээ бир нерселер каражатка такалып жатат. Бирок өкмөт бул боюнча иш жүргүзүүдө. Даярдык жакшы", — деди Исмаилова.

Бирок Турускулов анын жообуна ынанбай, даярдык жок экенин айткан.

Исмаилова депутаттын "Республикалык штабды ким башкарып жатат?" деген суроосуна да тайсалдап так жооп бере алган жок.

"Республикалык штабды премьер-министр жетектечү. Ал жок болгон учурда биринчи вице-премьер, вице-премьерлер башкарчу. Бардык министрлер штабдын курамына кирет", — деди ал.

Бир суткада 538 киши коронавирус жуктуруп, 414 бейтап дартты жеңди

Исмаилова той-аштар экономикага такалган маселе болгондуктан токтотулбай жатканын айтып, бул боюнча биринчи вице-премьер Артём Новиков менен сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирди.

100
Белгилер:
даярдык, толкун, коронавирус, Жыргалбек Турускулов, Аида Исмаилова
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Аида Исмаилова эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталууда
ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нур Сатыбалдиев. Архив

ЖКККББнын жетекчи орун басары коррупцияга шектелип кармалды

440
(жаңыланган 12:03 28.10.2020)
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин пара алуу беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

БИШКЕК, 28-окт. – Sputnik. ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары С.Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ЖККББнын жетекчилик кызматтагы адамдары сый акы алганы боюнча коррупциялык схема аныкталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев бошотулат деген кептерге жооп кайтарды

Ведомстводо мындай инициалдарга туура келген бир эле орун басар бар. Ал - Сатыбалдиев Нур Рысканович. Сатыбалдиев бир жыл мурун Бишкекте түзүлгөн Кайгуул күзөт милициясына адамдарды жумушка алууда акча алып турган деп шектелип жатат.

Мындан сырткары, ал иштеп жаткан милиционерлерди кызматынан көтөрүү үчүн пара алып турганы кабарланды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

440
Белгилер:
пара, ЖКККББ, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Ташиев: чек арадагы контрабанданы токтотуп, коррупционерлерди он эселеп төлөтөбүз
УКМК ЖЭБ кызматкерлеринин пара алган мыйзамсыз схемасын аныктады
Экс-депутат Эльвира Сурабалдиева. Архив

Эльвира Сурабалдиева вице-премьерлик кызматка киришти

28
(жаңыланган 14:29 28.10.2020)
Буга чейин өкмөт башчынын орун басарлыгын аркалаган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталып, колдоо тапкан эмес.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Эльвира Сурабалдиева Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сурабалдиева вице-премьерликти ким сунуштап, кантип макул болгонун айтты

Эскерте кетсек, Сурабалдиеванын талапкерлигин алгач Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдоп, андан соң депутаттар жалпы жыйында карашкан. Натыйжада эл өкүлдөрү өкмөттүн жаңы мүчөсү үчүн бир добуштан макул болушкан. Сурабалдиева Аида Исмаилованын ордуна келди, эми социалдык тармакты тескемекчи.

28
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, министр, вице-премьер-министр, Садыр Жапаров, Аида Исмаилова, Эльвира Сурабалдиева
Тема боюнча
Депутаттар Исмаилованы социалдык өнүктүрүү министри кызматына колдогон жок. Видео