Кой-Ташта кармалып турган спецназ жоокерлеринин абалы кандай. Расмий жооп

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOСторонники бывшего президента Алмазбека Атамбаева вступают в конфликт с членами кыргызского спецназа во время спецоперации по задержанию Атамбаева в селе Кой-Таш. 7 августа 2019 года.
Сторонники бывшего президента Алмазбека Атамбаева вступают в конфликт с членами кыргызского спецназа во время спецоперации по задержанию Атамбаева в селе Кой-Таш. 7 августа 2019 года. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырып жатканда, атайын даярдыктагы бөлүмдүн бир жоокери ок жеп, ооруканада көз жумган.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары кармап жаткан спецназ жоокерлерине медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алардын абалы орто деп бааланууда.

"Жеринде Арашан айылынын дарыгерлик жалпы практика борборунун медиктери нөөмөттө турат. Ал жерде кармалып турган алты спецназ жоокерлерине жардам көрсөтүлдү. Экөөнө ок тийиптир, биринин бутуна, экинчисинин санына. Калган төртөө дагы ар кандай жаракаттарды алышкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Курал менде гана бар болчу! Атамбаевдин эл алдына чыккан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Курал менде гана бар болчу! Атамбаевдин эл алдына чыккан видеосу
Ал эми жергиликтүү тургундардан 21и жардам сурап кайрылган. Ар кимиси ар кандай жаракат алганы менен бардыгы ооруканага баруудан баш тартты.

Эскерте кетсек, 7-августта УКМК Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын ишке ашырууга аракет кылып, атайын даярдыктагы бөлүмдүн жоокерлери Кой-Таштагы үйүн басып кирген. Натыйжада эл менен кагылышуу болуп, операция ишке ашпай калган. Атышуудан 50дөн ашык киши жабыркап, спецназдын бир жоокери каза тапкан.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0