Бишкек шаарынын бир катар аймактарында үч күн газ болбойт

© AFP / BARBARA SAX Газификация Берлина
Газификация Берлина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай ыңгайсыздык жер алдындагы газ куурларын оңдоо аракеттеринен улам болууда.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын бир катар аймактарында үч күнгө чейин жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 13-августтан 16-августка чейин Ахунбаев көчөсү-186 дарегиндеги үйдө газ өчүрүлөт. Андан сырткары, 14-августтан 18-августка чейин Турусбеков, Пушкин, Үмөталиев көчөлөрү менен Чүй проспектисинин чектешкен аймагында газ болбойт.

Мындай ыңгайсыздык жер алдындагы газ куурларын оңдоо аракеттеринен улам болууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0