Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкулов. Архив

Башына таш тийген Чүй ОИИББдин башчысы Курманкуловго экинчи операция жасалды

247
(жаңыланган 14:51 08.08.2019)
Атышуудан спецназдын бир жоокери каза тапты.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кой-Таштагы кырдаалдан жаракат алган Чүй облустук ИИББдин жетекчиси Самат Курманкуловго жасалган операция аягына чыгып, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 7-августта кечинде Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргөн. Анда жай тургундар менен атайын даярдыктагы жоокерлер жаракат алган. Спецназдын бир жоокери алган жаракатынан каза болгон.

Дал ошол операция учурунда Курманкулов мээси чайкалып, оор жаракат алган. Ага Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда баш сөөктү тешүү (трепанация) жолу менен операция жасалып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

"Самат Курманкуловго операция жасалып бүттү. Дарыгерлер өмүрүн сактап калуу үчүн болгон күчүн жумшады. Учурда ал жандардыруу бөлүмүндө, өзүнө келе элек (комада). Өпкөсү жасалма дем алдыруу аппаратында. Дарыгерлер абалын оор деп баалашууда", — деп айтылат маалыматта.

Учурда Sputnik Кыргызстан агенттиги тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

247
Белгилер:
операция, милиция, Самат Курманкулов, Чүй облусу
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (175)
Тема боюнча
УКМК: каза болгон спецназ жоокеринин артында 4 баласы калды
Депутаттар Атамбаевдин маселесин карай башташты. Кезексиз жыйындын видеосу
Башына таш тийген Чүй ОИИББдин башчысы Курманкуловго экинчи операция жасалды