Беткапчан аскерлер Атамбаевди УКМКнын имаратына алып кирип кетти. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг по итогам XVIII съезда социал-демократической партии
Брифинг по итогам XVIII съезда социал-демократической партии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодон Атамбаевдин форма кийген кызматкерлердин коштоосунда имарат ичине кирип баратканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин беткапчан кызматкерлердин коштоосунда УКМКнын имаратына кирип бараткан видеосу тарады.

Аны Бактияр Бердибеков аттуу колдонуучу Facebook баракчасына жайгаштырган. 

Видеодон Атамбаевдин атайын кызматтын аскерлери менен тепкичтен көтөрүлүп, имараттын ичине кирип кеткенин көрүүгө болот.

Митинг сторонников Атамбаева в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Атчан, жөө, машина менен. Кой-Таштан жүздөгөн киши келе жатат. Видео
Белгилей кетсек, Атамбаевди милиция кызматкерлери Кой-Таштагы үйүнөн 8-августта кечке жуук кармаган. Анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, учурда Атамбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин имаратына алынып келген.

7-августта кечинде УКМК мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүргүзгөн. Бирок андан майнап чыккан эмес. Акыркы маалыматтар боюнча, кагылышуудан 85 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, Атамбаевдин аракети боюнча өзүнүн пикирин билдирген. Жээнбеков Атамбаев мурда шектүү катары суракка чакырылып келген болсо, эми оор кылмыш жасаган киши катары чакырыларын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0