Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов. Архив

Курсан Асанов Атамбаевдин үйүндөгү курал-жаракты кантип өткөрүп алды. Видео

1723
(жаңыланган 12:47 09.08.2019)
Укук коргоо кызматкерлери ал курал-жарактарды мурдагы президенттин Кой-Таш айылында үйүндөгү операциядан кийин санап алып кеткен.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. ИИМ кызматкерлери Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн көп сандаган курал-жарактарды өткөрүп алды.

Видео 8-августта жарыяланып, андан ички иштер министринин орун басары Курсан Асановду көрүүгө болот. Ал Атамбаевдин тарапташтарынан эки тапанча, 13 желим ок атуучу автомат, 35 магазин жана бир снайпердик винтовканы огу менен санап алып кеткен.

Укук коргоо кызматкерлери ал курал-жарактарды мурдагы президенттин Кой-Таш айылындагы операциядан кийин алган. Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Атамбаевдин тарапташтары күч колдонуп, спецназдын желим ок аткан 26 куралды, АК74 үлгүсүндөгү 14 автоматты жана 15 тапанчаны ок-дарысы менен тартып алгандыгын билдирген.

Белгилей кетсек, 8-август күнү Алмазбек Атамбаев ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов менен сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгон.

1723
Белгилер:
видео, курал-жарак, операция, Алмазбек Атамбаев, Кой-Таш, Кыргызстан
Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (176)
Тема боюнча
Кундуз Жолдубаева бошотулду. Ал кайсы иш боюнча сурак берген?
Атамбаевдин УКМКдагы бет маңдай, капталынан тартылган сүрөтү тарады
Дарыгерлер. Архивдик сүрөт

Учурдун талабы! Боронов эмгек өргүүдөгү дарыгерлерден ишке чыгуусун өтүндү

3
(жаңыланган 16:08 08.07.2020)
Премьер республика боюнча  иштеген медицина кызматкерлерин талдап чыгып, ар бир медкызматкерди COVID-19га каршы күрөшүүгө чакырууну тапшырды.

БИШКЕК, 8-июль. — Sputnik. Эмгек өргүүсүндөгү бардык медицина кызматкерлерин чакыртуу керек. Мындай тапшырманы премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык штабдын жыйынында бергенин өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Анын айтымында, азыркы эпидемиологиялык кырдаал өтө кооптуу.

"Ар бирибизге эс алуу керек. Бирок эпидемиологиялык абал бизден чечкиндүү аракеттерди талап кылууда. Ооруп калган жарандарга азыр, ушул жерде жардам берүү кажет. Биринчи кезекте адамдар медицина кызматкерлеринин көмөгүнө муктаж. Алар бүгүн өлкөгө абадай зарыл болуп турат. Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш", —  деди Боронов.

Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча бүгүнкү күнү медкызматкерлердин бир бөлүгү эмгек өргүүсүндө. 

"Дарыгерлер силердин өтүнүчтү туура түшүнүп, жакында ишке чыгышат деп ишенем. Учурда оорунун күчөгөн учуру Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келди. Медкызматкерлер адам өмүрүн сактап калуу үчүн күнү-түнү оор шарттарда иштеп жатышат. Илдет менен күрөшүүгө аймактардан дарыгерлер келишти, өлкө аймагынан тышкары жашаган медицина кызматкерлерибиз дагы четте калышкан жок. Бирок региондордо дагы квалификациялык медициналык жардамга муктаж жашоочуларыбыз бар. Ошондуктан Бишкекте жашаган саламаттык сактоонун бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырам. Бул азыркы учурдун талабы болуп жатат", — деди премьер-министр.

Боронов республика боюнча  иштеген медицина кызматкерлерин талдап чыгып, ар бир медкызматкерди COVID-19га каршы күрөшүүгө чакырууну тапшырды.

Акыркы суткада дагы 62 медиктен коронавирус чыкты

Эскерте кетсек, өлкө аймагында коронавирус илештирип алгандардын жалпы саны 8 486га жетти.

Азыркы тапта стационарда 592 киши бар, анын 17си реанимацияда. 4 799 адам үй карантининде дарыланып жатат. Бүгүн дагы 13 киши каза таап, жалпы саны 112 болду. Ал эми пневмониядан 44 адам каза таап, жалпы саны 268ге жетти.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

3
Белгилер:
жыйын, штаб, медик, эмгек өргүү, Кубатбек Боронов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Ошто ыктыярчы дарыгерлердин тизмеси түзүлүп, окутула баштады
Боронов өз жакындары үчүн орун "брондоп" жаткан дарыгерлер боюнча жооп берди
Дарыгер көк боорун алдыргандар үчүн керектүү деген кеңештерин айтты
Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкекте күзөттө турушат. Архив

Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды

111
(жаңыланган 16:09 08.07.2020)
Мэр шаардыктар чектөөлөргө баш ийип, тиешелүү эрежелерди так аткаруу менен жакындарын сактап каларын белгиледи.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жакынкы күндөрү оор сыноо күтүп турганын эскертип, шаардыктарды кайраттуу болууга чакырды.

Калаа башчы азыркыга чейин бардык өлкөлөрдө COVID-19дун түйүнү чечиле электигин белгилеп өттү.

“Биздин байкоолор боюнча обочолонуу режими катуу тартипте сакталган өлкөлөрдө гана коронавирус ооздукталууда. Жакынкы күндөрү жана аптада бизди оор сыноо күтүп турат. Чыдамкайлык жана кайраттуулук менен каршы турушубуз керек. Ошондой эле коюлган чектөөлөргө баш ийип, тиешелүү эрежелерди так аткаруу шарт. Ошондо гана оорунун жайылышын токтотуп, жакын адамдарыбыздын өмүрүн сактап кала алабыз”, — деп кайрылды Суракматов.

Суракматов: пневмонияга чалдыккандар көбөйүп, шаардыктарга коркунуч жаратууда

Мындан сырткары, мэр бул илдеттен дүйнө боюнча каза болгондордун саны 540 миңге жеткенин айтып, Россия, АКШ, Кытай жана Германия сыяктуу ири державалар илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, дарысын чыгара албай жатканын кошумчалады.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

111
Белгилер:
чоор, чыдамкайлык, сыноо, Бишкек, мэр, Азиз Суракматов
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өкмөт кырдаалды кантип жөнгө салууда? Бороновдун билдирүүсүнүн кыскача тизмеги
Боронов: коронавирустун жайылышын токтотуучу бир гана жол бар