Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов в аэропорту Манас после прилета из Москвы

Бабанов тосуп алган элге эмне деди? Жолугушуунун сүрөттөрү

2515
(жаңыланган 15:31 09.08.2019)
Саясатчы бүгүн Бишкекке учуп келди.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКнын суроолоруна жооп берүүгө даяр. Бул тууралуу саясатчы Бишкекке учуп келген маалда тарапташтары менен учурашып жатып айтты. 

  • Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов в аэропорту Манас после прилета из Москвы
    Экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКнын суроолоруна жооп берүүгө даяр
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов в аэропорту Манас после прилета из Москвы
    Бул тууралуу саясатчы Бишкекке учуп келген маалда тарапташтары менен учурашып жатып айтты
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов в аэропорту Манас после прилета из Москвы
    Бабанов алгач аны Кыргызстанга кирип келе жатканда эч ким текшербегенин маалымдап, элди тынчтанууга жана сабырдуулукка чакырды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов в аэропорту Манас после прилета из Москвы
    Кыска баарлашуудан соң Бабанов унаасына отуруп, андан ары кетти.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 4
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКнын суроолоруна жооп берүүгө даяр

Бабанов алгач аны Кыргызстанга кирип келе жатканда эч ким текшербегенин маалымдап, элди тынчтанууга жана сабырдуулукка чакырды.

"Мен УКМКнын бардык суроолоруна жооп берүүгө даярмын. Анткени ар дайым мыйзам чегинде иш алып баргам",  — деди экс-депутат.

Кыска баарлашуудан соң Бабанов унаасына отуруп, андан ары кетти.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабановду тосуп алуу үчүн "Манас" аэропортуна анын тарапташтары, партиялаштары, депутаттар барган.

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан.

УКМК Бабановго эки кылмыш иши козголгонун эскертти. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Ал эми кечээ, 8-августта, УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертти.

2515
Белгилер:
сурак, УКМК, аэропорт, Өмүрбек Бабанов
Тема боюнча
Соцтармакта Өмүрбек Бабанов кайтып келе жатканы айтылууда. Сүрөттөр
Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга келип, эл менен учурашты