КСДП төрагасынын орун басары Фарид Ниязов. Архив

Фарид Ниязов убактылуу кармоочу жайга киргизилди

624
(жаңыланган 16:05 09.08.2019)
Ал эми мурунку президент камакта 26-августка чейин калмай болду.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. КСДП төрагасынын орун басары Фарид Ниязов Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин ИИМ кабарлады.

Анын баш коргоо чарасы 10-август күнү тандалмакчы. Бүгүн мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева менен үзөңгүлөшү депутат Ирина Карамушкина суракка чакырылган.

Ал эми Атамбаевдин өзү 8-август күнү атайын операциянын натыйжасында кармалып, УКМКнын тергөө абагында. Бирнчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 26-августка чейин камакта калтырды.

624
Белгилер:
абак, тергөө, УКМК, Ирина Карамушкина, Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, Алмазбек Атамбаев
Тема боюнча
Кундуз Жолдубаева бошотулду. Ал кайсы иш боюнча сурак берген?
Курсан Асанов Атамбаевдин үйүндөгү курал-жаракты кантип өткөрүп алды. Видео