Туристтик альянс: Кой-Таштагы окуядан кийин көлгө келүүдөн баш тарткандар арбыды

Жазылуу
Туристтер Кыргызстандагы кырдаалга абдан тынчсызданып жатканын билдирүүдө.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Кой-Таш айылындагы окуялардын айынан Ысык-Көлгө келчү чет өлкөлүк айрым туристтер сапардан баш тартууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстандын Туристтик альянсынын жетекчиси Медер Тилекматов тастыктады.

Редакцияга окурмандар "митингдердин айынан Ысык-Көлдөгү пансионат жана конок үйлөрүндө бөлмө брондоп койгон туристтер келүүдөн баш тартып жатканы айтылууда. Бул чынбы?" деген суроо менен кайрылышкан.

"Чындап эле туристтер Ысык-Көлгө келүүнү пландап, ээлеп койгон орундарынан баш тарткан фактылар көп. Мага конок үйлөрүнүн ээлери жана башкаруучулары кайрылууда", — деди Тилекматов.

Ошондой эле ал өз сөзүнө далил катары көлдүк ишкерлер эс алуучулар менен мессенджерлер аркылуу жазышкан каттарын берди.

© скриншот с мессенджера WhatsAppПереписка директора туристического альянса с клиентом
Туристтик альянс: Кой-Таштагы окуядан кийин көлгө келүүдөн баш тарткандар арбыды - Sputnik Кыргызстан
Переписка директора туристического альянса с клиентом

Анда жазылгандарга караганда, чет элдик туристтер Кыргызстанда болуп жаткан кырдаалга тынчсызданып, атургай өз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги барбай эле коюуну сунуштаганын жазат. Дагы бири "сиздерде согуш болуп жатабы?" деген суроо салган.

© скриншот с мессенджера WhatsAppПереписка директора туристического альянса с клиентом
Туристтик альянс: Кой-Таштагы окуядан кийин көлгө келүүдөн баш тарткандар арбыды - Sputnik Кыргызстан
Переписка директора туристического альянса с клиентом

Ал эми Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу чындап эле Ысык-Көлгө келүүдөн баш тарткандар болуп жатканын, бирок анчалык көп эмес экенин айтты.

"Албетте, келүүдөн баш тарткандар таптакыр болгон жок деп айтууга болбойт, бирин-серин болуп жатат. Бирок массалык түрдө туристтерден кол жуудук деп айтуудан алысмын", — деди Дамир уулу.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Кой-Ташта каза тапкан жоокердин өлүмүнө шектүүлөрдүн сүрөтү жарыяланды
Эске салсак, 7-8-август күндөгү Чүй облусунун Кой-Таш айылында күч структуралары тараптан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциялар жүргүзүп, башаламандык жаралган.

Акыркы маалыматтарга караганда, укук коргоочулар менен элдин кагылышында 98 киши жаракат алып, спецназдын бир жоокери каза болгон.

Атамбаев кармалган 8-августтун кечинде анын тарапташтары делген адамдар Бишкектин борбордук көчөлөрүнө чыгып, башаламандык уюштурууга аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0