Гүл коюу. Архивдик сүрөт

КР эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев дүйнө салды

129
(жаңыланган 11:55 10.08.2019)
Нургазиевдин көптөн бери ооруп жүргөнү белгилүү болду.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. КР эл сүрөтчүсү, профессор Догдурбек Нургазиев 64 жаш курагында каза тапканын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Анда чыгармачыл инсандын көптөн бери ооруп жүргөнү айтылат.

Догдурбек Нургазиев 1955-жылы 28-мартта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Чоң-Кызыл-Суу айылында жарыкка келген. 1978-жылы Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын, 1985-жылы Москвадагы В. И. Суриков атындагы көркөм сүрөт институтун, 1997-жылы Көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасын бүтүргөн.

Нургазиев живописчи катары Кыргызстандын эң белгилүү сүрөтчүлөрүнүн бири болчу. Анын сүрөттөрү бир топ эл аралык көргөзмөлөргө коюлган. 1985-жылдан тарта республикалык жана эл аралык көргөзмөлөргө катышкан (Германия, Иран, Казакстан, Кытай, Конго, Люксембург, Малайзия, Өзбекстан, Россия, Түркия, Франция, Швейцария, Япония жана башка). Жеке көргөзмөлөрү: "Тоолор" (1996), "Тоолор симфониясы" (2002, Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм искусство музейинде); "Улуттар дворецинде" (2000, Женева шаары); КРнын эгемендүүлүгүнүн 10 жылдыгына арналган (1996, Дубай шаары); "Купуя жаңырык" (2003, Астана шаары), "Кыргыз жаратылышы" (2008, Эл аралык искусство шаарчасы, Париж).

Чыгаан сүрөтчү КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2001), КРдин эл сүрөтчүсү (2011) мамлекеттик наамдарына, профессор (2011) илимий даражасына арзыган. Тургунбай Садыков атындагы Көркөм сүрөт академиясынын мүчөсү (2005), 1991-жылы КР Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө коюлат.

129
Белгилер:
оору, академия, живопись, Ала-Арча көрүстөнү, сүрөтчү
Тема боюнча
Премьер Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы дүйнө салды
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

68
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

68
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

119
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

119
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды