Башкага башы байланган кесиптешимди сүйүп калдым... Кыздын каты

CC0 / pixabay / kaboompicsОфисная работа
Офисная работа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында ата-энеси кудалашып койгон кызы бар жигитти сүйүп калган кыздын каты жарыяланды.

...Менде көптөн бери баш оорутуп жүргөн маселе бар. Нурбек аттуу жигит менен жакшы болуп жүргөнүмө бир жылдын жүзү болду. Бирок ортобузда анын болочок жары боло турган колуктусу  бар. Алардын ата-энелери дос экен, кичинесинен эле куда түшүп коюшуптур. Кийин экөө чет өлкөгө чогуу барып окуп келишиптир. Кыскасы, алар аябай жакын адамдар болуп калышкан. Үйлөнө элек болсо дагы интимдик мамиле бар окшойт. Экөө Кыргызстанга жаңы кайтып келип, Нурбек биз иштеген компанияга жумушка орношту. Бир көрүп сүйүү болду деп айта албайм. Бара-бара адамгерчилигин, жумушка жоопкерчилигин жана башка сапаттарын баалап жүрүп жакшы көрүп калдым. Ал дагы мага катардагы кесиптеш эмес экенимди бат эле билдирип койду. Сүйлөшкөн, анүстүнө ушунчалык бири-бирине байланган кызы бар экенин билип туруп, аны менен эмнеге мынча жакын болуп кеткенимди өзүм дагы түшүнө албай калдым. Ооба, башында олуттуу кабыл албай, оюн сыяктуу көрчүмүн. Күн сайын өзүмө "ушуну менен бүтүрөм" деп сөз берип жүрүп, акыры аны таштай албай калдым.

Сейилдеп жүргөн үй бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жесир калган аяшымды аяп жүрүп сүйүп калдым... Эркектин каты
Кээде экөөбүз жумуш бүтөөрү менен шаардын сыртына чыгып кетебиз. Өзүбүздүн көлмөбүз бар. Анын жээгинде 3-4 саат бою ар нерсени сүйлөшүп отура беребиз. Ал мага жашоосунда болгон бардык нерсени айтып берет. Үй-бүлөсү, туугандары, достору... Мен анын жакындары жөнүндө алар менен чогуу жашаган адамдай эле көп нерсени билип калдым. Бирок...

Ал сүйлөшкөн кызын эч качан таштай албасын түшүнүп эле турам. Сөз арасында келечектеги кайнатасы кандай жакшылыктарды кылганын, үй-бүлөсү алардын үйлөнүшүн күн санап күтөрүн айтат. Кыскасы, Нурбек мен үчүн ал кызды, үй-бүлөсүнүн каалоосун аттап кете албайт.

Анын мага дагы жылуу сезими бар, болгону кеч кезигип калдык окшойт. Ошондуктан мен аны ташташым керек деп чечим кабыл алдым. Суранарым, аны менен бирге болуу, бакыт үчүн күрөшүү боюнча кеңеш бербегиле. Мени болгону кол үзүшкөндөн кийинки кыйын күндөрдөн кантип жеңил өтүп кетсем деген суроо кызыктырат.

Баса, азыр жашоомдо дагы бир жигит пайда болду. Өзү жакшы адам көрүнөт. Мүнөзү токтоо, сүйлөгөнү жагымдуу, оор басырыктуу. Мени жан дили менен жактырып калганын байкайм. Үйлөнүүгө деле даяр. Болгону ал сүйгөнүмө эч бир жагынан жетпей турат. Балким азаптуу күндөрдү жеңил өтүп кетүүгө анын жардамы тиер? Же мен өзүмчүл болуп жатамбы? Кеңеш бериңиздерчи.

Саадат Сыдыкова, психолог:

— Сүйүү — адам баласынын сезимдеринин арасынан эң татаалы, эң табышмактуусу. Ал келем же келбейм деп эч качан алдын ала эскертпейт, капысынан пайда болчу сезим. Адамдын жаш курагына, түгөйү бары-жогуна дагы карабаган өзгөчө нерсе.

Диванда жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келиниме "көңүлдөш таап ал" деп айтып, эми кайра кыжалатмын. Аялдын каты
Кат ээсинин жазганына караганда, өзү үчүн акыркы чечимди кабыл алган көрүнөт. Азыркы жигитин чын дили менен жакшы көрсө дагы, анын жашоосунда башка, ата-энеси кудалашып койгон кыздын бар экенин ойлоп, экөөнүн ортосуна түшкүсү келбей жатканы каарманыбыздын эрки күчтүүлүгүнөн кабар берет.

Ал эми жашоосунда жаңы пайда болгон жигит тууралуу айтсак, азырынча кыздын көңүлүнө анча толбой турат. Анткени учурда жүрөгүн ээлеп турган адам баары бир ар тараптан идеалдуу сезиле берет. Айта кетчү нерсе, идеалдуу, бирок кол жетпеген адамга караганда, реалдуу жанында болгон адам дайыма артыкчылыктуу болот. Эгер жаңы таанышында жакшы сапаттар болсо, ага мүмкүнчүлүк берип көрсүн. Балким бул жигитке гана эмес, өзүнө дагы жакшы мүмкүнчүлүк болуп калаттыр. Кудай кыздын жашоосундагы бошогон орунга мурдагысынан дагы татыктуу адамды берип жаткандыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0