Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков элди ынтымакка чакырды

459
(жаңыланган 10:31 11.08.2019)
Президент чалынган курмандыктар кабыл болушун каалады.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Ажонун куттуктоосун президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев эски аянттагы айт намаз учурунда окуду.

  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков в день празднования дня Курман айт посетил центральную мечеть в городе Бишкек по случаю священного праздника и принял участие в Айт намаз. 11 августа 2019 года
    Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков в день празднования дня Курман айт посетил центральную мечеть в городе Бишкек по случаю священного праздника и принял участие в Айт намаз. 11 августа 2019 года
    Ажонун куттуктоосун президенттин аппарат жетекчиси Досалы Эсеналиев эски аянттагы айт намаз учурунда окуду.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Кыргызской Республики Сооронбай Жээнбеков в день празднования дня Курман айт посетил центральную мечеть в городе Бишкек по случаю священного праздника и принял участие в Айт намаз. 11 августа 2019 года
    Жээнбеков өз куттуктоосунда бул күн Кудай өз пенделерине ыроологон эң улуу күндөрдүн бири экенин белгилеген.
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 3
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.

Жээнбеков өз куттуктоосунда бул күн Кудай өз пенделерине ыроологон эң улуу күндөрдүн бири экенин белгилеген.

"Ушул күнү жер жүзүндөгү бир жарым миллиардга жакын адам жан дүйнөсүн тазалап, Жаратканга жакын болууга умтулат. Дүйнөдө бир дагы майрам мынча көп кишинин асыл оюн, аруу тилегин, жаркын максатын бириктире албайт. Ошондуктан бүгүнкү Курман айт — жалпы пенделерди ынтымак менен биримдикке чакырган улуу майрам. Жараткан Кыргызстан элине тынчтык жана ынтымак берсин", — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Жээнбеков ошондой эле чалынган курмандыктар кабыл болушун каалады.

"Коомубуздун ынтымагы бекем, ыйманы таза болуп, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн. Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде өнүгүү болсун!" — деди ал.

Эске салсак, айт намазы Бишкектеги эски аянтта окулуп, коомдук тартипке 2000дей милиция кызматкери көз салды.

459
Белгилер:
Курман айт майрамы, Бишкек, Сооронбай Жээнбеков, куттуктоо
Тема боюнча
Кыргызстандык ажылар Арафат өрөөнүндө парздардын бирин аткарды. Сүрөт
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Жылдыз Жумагулова

Жумагулова: онкологияга чалдыккандарга кан тапшырып жардам кылса болот

6
Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы фармакологу Жылдыз Жумагулова онкологиялык илдетке чалдыккандарга жылдап дарыланууга туура келерин белгиледи.

Онкологияга чалдыккандар дары-дармек, медициналык жабдуу алуу үчүн каржылык жана кан донорлорунун жардамына муктаж. Бул тууралуу Жылдыз Жумагулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Жумагулова: онкологияга чалдыккандарга кан тапшырып жардам кылса болот

Анын айтымында, онкологияга чалдыккандар үчүн өкмөт тарабынан каржы бөлүнөт, бирок ал жетишсиз.

"Кыргызстандын фармацевтикалык рыногу чакан болгондуктан көп компаниялар акыркы чыккан дарыларды алып келүүгө кызыкдар эмес. Башка ооруларга салыштырмалуу онкологияга чалдыккандар жылдап дарыланат. Ошондуктан бир жылга ченеп алынган дарылар кээде жетишсиз болуп калат. Мындан тышкары, медициналык жабдууларга дагы муктаждык күч. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн элдин көмөгү зарыл. Мисалы, балага диагноз коюлганда ата-энеге психологиялык дагы көмөк керек. Анткени муну кабыл алуу абдан оор болот. Ошондой эле тромбоциттик масса менен камсыздоонун наркы дагы жогору. Анткени ал он чакты донордун канынан даярдалат. Ошондуктан мүмкүнчүлүгү барлар онкологиялык илдетке чалдыккандарга деп кан тапшырса, бул дагы бир адамдын өмүрүн сактаганга жардам болот. Мындан тышкары, өлкөдө полиативдик көмөк дагы жөнгө салынган эмес. Аталган дартка чалдыккандар толук кандуу сакайбай калган учурлар кездешет. Онкологиялык илдетте чыдатпаган оору болот. Аны басаңдатуу үчүн наркотикалык багыттагы дарылар жазылат. Аны рецептсиз жок алуу мүмкүн эмес. Айрым медиктер муну жазып бербей койгон учурлар кездешет. Мына ушул багыттагы көмөктү дагы жолго салуу зарылдыгы бар", — деди Жумагулова.

Ошондой эле ал онкологиялык ооруга чалдыккандар табыптарга барып, дарыгерлерге кеч кайрылып калган учурлар да болуп жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан радиосу онкологиялык илдетке кабылган балдарга жардам берүү максатында башталган алгачкы ири радиомарафонго катышты. Чогулган каражат долбоордун алкагында оорулууларга жана аларды дарылап жаткан дарыгерлерге жумшалат.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

 

6
Тема боюнча
Арзыкулов: онкологиялык ооруга кабылган балдарга ар бир адам жардам бере алат
COVID-19 вакцинасын алган улгайган адам. Архив

Кубалык адистер "омикронго" каршы вакцина иштеп чыга баштады

7
(жаңыланган 11:23 01.12.2021)
Буга чейин ДССУ шашылыш отурум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен коронавирустун Түштүк Африкада пайда болгон жаңы вариантын классификациялоо чечимин кабыл алган. B.1.1.529 жаңы штаммы грек тамгасы менен "омикрон" деп аталган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кубадагы BioCubaFarma биотехнологиялык компаниялардын тобу коронавирустун "омикрон" деп аталган жаңы штаммы жукканда кандай болуп жаткандыгы боюнча отчётторду тыгыз карап чыгып, ага каршы атайын вакцина иштеп чыгууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Агенттик жогорудагы маалыматты холдингдин президенти Эдуардо Мартинестин айткандарына таянып билдирген.

"Омикрон" деп аталган жаңы штамм жукканда кандай болорун көңүл коюп байкап жатабыз. Ага каршы атайын вакцинаны иштеп чыгуудабыз, аны тез арада жасайбыз. Эми башкысы, күчтөндүргөн дозасын кошкондо эмдөө иштерине көз салуу керек жана COVID-19га байланыштуу санитардык чараларды сактоо өтө маанилүү", — деп жазган Мартинес өзүнүн Twitter блогуна.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму шашылыш отурум өткөрүп, анын жыйынтыгы менен коронавирустун Түштүк Африкада пайда болуп, тынчсыздандырып жаткан жаңы вариантын классификациялоо чечимин кабыл алган. B.1.1.529 жаңы штаммы грек тамгасы менен "омикрон" деп аталган. Медицина боюнча дүйнөлүк ассоциациянын төрагасы Франк Ульрих Монтгомери "омикрон" кооптуулугу менен Эбола вирусу же "дельта" штаммы сыяктуу болуп кетиши мүмкүн деп түйшөлгөнүн айтты.

Маалыматтарга караганда, Кубада коронавирустун жаңы тибине каршы элдин 82,2 пайызы эмделген. Ал жакта 2 жаштан өйдөгүлөрдүн саны 9,19 миллион киши дешти.

Кубанын окумуштуулары COVID-19га каршы төтр вакцина эсептеп чыгышкан. Финли вакцина институту иштеп чыккан эки препараттан (Soberana 01 жана Soberana 02) сырткары, Гендик инженерия жана CIGB биотехнологиялар борбору эки вакцинаны изилдеп жатат. Алар — тамчылатма Mambisa жана инъекциялык Abdala. Баштапкы Soberana 01 жана Soberana 02 көп санда чыгарылып, жапырт эмдөөгө колдонуу стадиясында турат.

7
Белгилер:
Куба, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, 'омикрон' штаммы, коронавирус, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
"Омикрон" штаммынан коргонуунун жападан жалгыз жолу айтылды
Кыргызстанга кирүүдө 1-декабрдан тарта ПЧР-тест талап кылынат
Казакстан өлкөгө кирүү эрежесин катаалдаштырып, чектөө киргизет