Эртең Бишкектин чок ортосунда таза суу жок болот. Тизме

© AFP / VOISHMELСтаканга суу алып жаткан адам. Архив
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитет жарандарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Эртең, 13-августта, Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Эртең мененки саат 09.00дөн 21.00гө чейин Бөкөнбаев, Калык Акиев, Фрунзе жана Манас көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу өчүрүлөт. Ошондой эле борбордук муниципалитетте дагы суу жок болот.

"Суунун убактылуу токтотулушу Турусбеков менен Токтогул көчөлөрү менен өткөн түтүктөрдү тазалоо иштерине байланыштуу", — деп айтылат маалыматта.

"Бишкексууканал" ишканасы ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурайт. Ал эми муниципалитет жарандарды алдын ала суу камдап алууга чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0