Бишкекте үч троллейбус каттамын өзгөртөт

© Фото / Кристина КуманченкоТроллейбус. Архив
Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия проспектисине чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүүдө.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Борбор калаада үч троллейбустун каттамы өзгөрөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Москва көчөсүнүн Манас проспектисинен Жаш Гвардия проспектисине чейинки бөлүгүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Буга байланыштуу үч троллейбустун каттамы өзгөрмөй болду.

"Анда 6-троллейбус Асанбай кичи районуна чейин барса, 4-8-троллейбустар Киев көчөсү менен барып Бейшеналиева көчөсү аркылуу өтөт. Ал эми 9-10-троллейбусттар убактылуу ишин токтотот", — деп жазылат маалыматта.

Калаа жетекчилиги жаралган ыңгайсыздык үчүн тургундардан кечирим сурайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0