БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ар жылы Кыргызстанда эң акылдуу бүтүрүүчүлөр аныкталып, алар үчүн өлкөнүн бардык окуу жайларынын эшиги ачык болот. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Жалпы республикалык тестирлөөдөн эң көп упай алган 10 бүтүрүүчү кайсы жогорку окуу жайды тандаганына кызыгып көрдү.
Өлкө боюнча жалпы республикалык тестирлөөдөн эң жогорку упай алган (238 упай) жалалабаддык Элдияр Чормонов Хьюстондо окуй турган болуптур. Ал Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүргөн. Элдияр программист болууну каалап North American University (NAU) университетине тапшырганын айтты.
№70 мектеп-гимназиясынын сыймыгы аталган Нуртегин Көлбаев (234 упай) Кыргыз мамлекеттик техникалык университетин тандаган. Бүтүрүүчүнүн айтымында, ал дайыма программалык инженерияга кызыкчу. Мындан улам ал документтерин "Маалымат технологиясы" факультетине тапшырган.
Баткен облусунун Лейлек райондук №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Аида Борукулова (231 упай) бала кезинен дарыгер болууну самачу экен. Эми кыялы орундалып Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти болду. Ал "Дарылоо иши" факультетине тапшырган.
"Семетей" лицейин аяктаган Талантбек Жеңишбек уулу (231 упай) Борбор Азиядагы Америка университетин тандаган. Ал да программист кесибин жактырган.
№20 кыргыз-түрк кыздар лицейинин сыймыгы Гулшода Мамажанова (231 упай) дагы ушул эле окуу жайдын студенти болду. Акылдуу бүтүрүүчү бул окуу жайдан программалык инженерияны өздөштүрө турганын айтты.
Бишкектеги №12 окуу-тарбия мектеп-гимназия комплексинин бүтүрүүчүсү Дария Мусаева (231 упай) Москвадагы ядролук изилдөө улуттук университетине (МИФИ) тапшырган. Бул окуу жайда Дария биотехникалык система жана технология тармагында билим алмакчы.
Борбор калаадагы №38 окуу-тарбия комплексин бүтүргөн Анастасия Чичкова (230 упай) Россиянын түндүк борборунда окуй турган болуптур. Ал Санкт-Петербург шаарындагы политехникалык университетине тапшыра тургандыгын айтты. Чичкова прикладдык математика же программалык инженерияны тандаганы жатат.
"Себат" кыздар лицейин аяктаган Сезимай Эрали кызы (230 упай) "Ала-Тоо" эл аралык университетинин студенти болду. Ал дагы "Компьютердик инженерия" факультетин тандаган.
Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы кыргыз-түрк лицейин бүтүргөн Тыныбек Эржигит уулу (230 упай) дагы "Ала-Тоо" эл аралык университетине тапшырган. Бирок ал медициналык факультетке өткөн.
№67 окуу-тарбия мектеп-гимназия комплексинин бүтүрүүчүсү Алина Мухомедьярова (229 упай) Борбор Азиядагы Америка университетинин "Программалык инженерия" факультетине тапшырган.
Алтын сертификатка ээ болгондордун көбү өлкөнүн кайсы аймагынан экенин бул материалдан окуй аласыздар.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жума күнү күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Кээ бир аймактарда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында +1…+6, Таласта 0…+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Нарын өрөөнүндө -3…+2 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаап, карга айланат. Күндүн табы борбордо +3…+5, Ош шаарында +8…+10 градус болот.
20-февралда жааган кардан улам Токтогул районунун Сары-Камыш айылында жарык өчүп, "Толук" көмөк чордонуна кеткен жол жабык болгондуктан энергетиктер атчан болуп текшерип чыгышкан. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аталган видеодогу Токтогул райондук электр тармактар ишканасынын Толук участкалык бөлүмүнүн электромонтёру менен байланышып, чакан маек даярдады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Тасмадагы электриктер 53 жаштагы Эсен Осмонов менен 19 жаштагы Дастан Зыпар уулу Толук участкалык бөлүмүндө иштеп, ошол аймактагы айылдарда электр жарыгын көзөмөлдөшөт.
— Сиздердин иш учурундагы видеоңуздар интернетке жарыяланып, ар кандай пикирлер айтылды. Айрымдар сиздердин жумушуңуздардын түйшүгү тууралуу бир катар ойлорун билдиришкен эле. Видео кандайча тартылып калган?
Эсен Осмонов: — Ооба, жакында эле Сары-Камыш айылынын жарыгы өчүп, оңдоого бара жатканыбызда жумуштан сапарыбызды жана ишибизди тасмага түшүрүп келүүбүздү айтышкан. "Макул" деп убакыт боло калганда тасмага түшүргөнбүз, бирок ошондогу барып, оңдоп келүү бир суткадан ашык убакытты алгандыктан келе жатканда телефондун кубаты өчүп калып тарта алган жокпуз.
— Канчадан бери иштеп жатасыздар?
Э. О.: — Башынан эле энергетика тармагына кызыкчумун. Толук участкалык бөлүмүндө электромонтёр болуп эмгектенгениме быйыл сегиз жылдын жүзү болду. Жанымдагы электрик Дастан Зыпар уулу экөөбүз Толук, Сары-Камыш, Алмалуу айылдарынын электр жарыгын көзөмөлдөйбүз. Бул айылдардын эң алысы Сары-Камыш. Биздин участкалар Толук айылынан ары машина жүрүүчү жол менен 73 чакырым, ал эми тоо аралап барганда 40 чакырымды түзөт. Ушул жол менен 73 чакырымдык аба чубалгы тоону аралай тартылган. Аталган айылдарда 270 абонент бар.
— Кышы менен ушинтип иштейсиздерби? Кар да калың түшөт экен…
Э. О.: — Ооба, кыш мезгилинде Сары-Камышта жарык өчүп калса видеодо тартылгандагыдай каттап иштейбиз. Жылына болжол менен үч-төрт жолу барууга туура келет. Жайкысын унаа менен барып оңдойбуз. Кышында жол жабылып калып, жарым жолго чейин ат менен барыш керек. Тер-Жайлак жайлоосу менен Тер-Жайлак тоосун жана ашууну ашып өтөбүз. Эки суткага жакын жүрүп, анан кайтабыз. Кар 1,5-2 метрге чейин жаап, шамал карды айрым жерлерге үйүп салат. Ошол кезде аттар омуроосунан келген кардан баса албай калып, айла жок талдарга байлап, айылдан ала келген чөптөрдү салып берип, андан ары сапарыбызды жөө улайбыз.
— Кандайча жөө? Адам эмес аттар жирей албаган эки метрге жакын карда кантип жүрөсүңөр?
Дастан Зыпар уулу: — Кар көп жаап, шамал үйүп салган жерлерден боортоктоп жүрүүгө туура келет. Жалгыз адам бара албайт, кооптуу. Жолдун сырын билбегендер барса кырсыктап калышы мүмкүн. Карга батып кетпеш үчүн бут кийимдерибиздин алдына жыгачтан таман байлап алабыз. Кесиптешим Эсен байке жолдун ой-чуңкурун, ыгын билгендиктен ушул кишилердин айтуусу менен жүрүп отурабыз.
— Мисалы, Толук айылында жашагандардын Сары-Камышта туугандары бар да. Анан кышында жамандык-жакшылык боло турган болсо алар кантип барат?
Д. З. уулу: — Алар Суусамыр аркылуу каттайт. Сары-Камыш айылына чубалгы зымдар тоону аралай тартылган, ушундай татаал жол менен каттап жаткан себебибиз да ошол. Жол менен барсак, авариянын себептери табылбай калат. Жайкысын Нива, УАЗ өңдүү унаалар бара ала тургандай жол бар. Жаңы маркадагы унаалар ал жолдо каттай албайт.
— Жумушуңуздар оор экен. Ошентсе да эң кыйыны эмне?
Д. З. уулу: — Ишим жагат. Бирок кыйынчылыгы айылдарда жарык өчүп калганда күндөп-түндөп талаада жүрүүгө туура келет. Азыр да тоодо жүрөбүз.
— Айлыгыңар канааттандырабы?
Э. О.: — Өзүмдүн төрт балам бар, студент болуп калышты. Айлыгыбыз жакшы эле, айына 18 миң сомдой алабыз.
Д. З. уулу: — Мен ушул тармакта иштегениме эки жылдын жүзү болду. ЖАГУнун Кара-Көл шаарындагы филиалында да сырттан окуп жатам. Үйдө улуусу жана жалгыз уул болгондуктан мен эле иштейм. Карындаштарым мектепте окушат. Айлыгыбыз жакшы.