Табышып койгула! Чүйдө 5 күндөн бери дайынсыз жоголгон киши изделүүдө. Сүрөт

CC BY 2.0 / Karel Macalik / DriverАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголгон киши беш күндөн бери дайынсыз болууда. Ал автоунаасы менен кетип, ошол бойдон келген эмес.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Чүйдө 32 жаштагы Самат Кудайбергенов дайынсыз жоголду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын туугандары кабарлады. Маалыматты Ысык-Ата райондук ички иштер башкармалыгы да тастыктады.

© Фото / предоставлено родственниками пропавшегоДайынсыз жоголгон Самат Кудайбергенов
Табышып койгула! Чүйдө 5 күндөн бери дайынсыз жоголгон киши изделүүдө. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Дайынсыз жоголгон Самат Кудайбергенов

Акыркы жолу Кудайбергеновду ушул жылдын 7-августунда ГЭС-5 районунан көрүшкөн. Ал кара түстөгү Volkswagen Golf автоунаасын айдап жүргөн.

"Анын бою болжол менен 170 сантиметр, арык чырай. Эки кашынын ортосунда калы бар", — деди Саматтын эжеси.

Милиция жана жоголгон адамдын туугандары Самат Кудайбергеновду көрүп-билгендер болуп калса 102 кызматына же (702) 52-08-87 номерине чалып коюуну өтүнүшүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0