Окуучулар. Архив

Быйыл окуу жылы канчасында башталат? Министрликтин жообу

6494
Былтыр парламентте окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси каралганы маалымдалган.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Быйылкы окуу жылы 2-сентябрда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, быйыл 1-сентябрь жекшемби күнгө туш келип калгандыктан, окуу жылы 2-сентябрда башталат.

"2-сентябрь күнү саат 9:00дө бардык мектептерде Билим күнүнө арналган майрамдык салтанаттар, класстык сааттар өтөт. 3-сентябрдан тарта окуу башталат", — дешти министрликтен.

Эске салсак, былтыр билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева парламенттин сунушу боюнча окуу жылынын башталышын 1-сентябрдан 10-сентябрга жылдыруу маселеси чечилип жаткандыгын билдирген. Бирок былтыр түрдүү себептерден окуу жылы 1-сентябрда эле башталган.

6494
Белгилер:
мектеп, окуу жылы, Кыргызстан
Тема боюнча
2019-жылдын эң акылдуу 10 бүтүрүүчүсү тандаган окуу жайлар

Коронавируска кабылган ээсин ооруканадан күткөн күчүк. Жүрөк тилген видео

3
(жаңыланган 10:15 12.07.2020)
Видеодогу күчүк Перунун Лима шаарындагы ооруканалардын биринин алдынан бир нече күндөн бери кете элек.

Медиктердин божомолунда, ал коронавирус жуктуруп алып дарыланып жаткан ээсин күтүп жатат. Видео РИА Новостиге жарыяланды.

Иранда иттерди COVID-19ду аныктоого үйрөтүшүүдө. Кызыктуу видео

Дарыгерлер оорукананын эшигинин алдын айланчыктап, кимдир бирөөнү күтүп жаткан күчүктү Фиру деп атап алышкан. Медиктер күн сайын итке тамак берип, аны карап жатканы маалым болду. Видеодо көрүнүп тургандай, куртка кийген күчүк так эле оорукана дарбазасынын түбүндө жатат. Өткөн-кеткендердин айрымдары таңыркай караса, кээ бири башынан сылап өтүүдө.

3
Белгилер:
видео, күчүк, оорукана, Перу
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Индияда бриллиант чөгөрүлгөн бет каптар сатыла баштады
Палатадан чыгып аткан медик. Архивдик сүрөт

Кечээтен бери 151 киши коронавирустан айыгып чыкты

22
(жаңыланган 10:11 12.07.2020)
Премьер-министр Кубатбек Боронов кечээ штабдын жыйынында ооруканалар ооруп барган бйтапты кайра артка кайтарбашы керектигин айтты.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Кечээтен бери Кыргызстанда 151 адам илдетти жеңип, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди. 

  • Бишкек шаары – 17;
  • Чүй облусу – 96;
  • Ош шаары – 5;
  • Ош облусу – 3;
  • Баткен облусу – 15;
  • Жалал-Абад облусу – 9;
  • Нарын облусу – 5;
  • Талас облусу – 1.

Ушуну менен республика боюнча жалпы 3 387 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

22
Белгилер:
КР Саламаттык сактоо министрлиги, илдет, айыгуу, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Коронавирустан кийин өпкөнү калыбына келтирүүнүн ыкмалары айтылды
Өкмөт: коронавируска чалдыккан бейтаптар үчүн дагы 400 орун даярдалат