Кыргызстандык окуучулар Баку шаарында өткөн информатика боюнча 31-ирет өтүп жаткан дүйнөлүк олимпиададан коло байге утушту

Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча дүйнөлүк олимпиададан коло алышты

103
Информатика боюнча дүйнөлүк олимпиада 1989-жылдан бери өткөрүлүп, эң маанилүү мелдештердин бири болуп саналат. Быйыл ага 88 мамлекеттен 360тан ашык окуучу катышкан.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар Баку шаарында өткөн информатика боюнча 31-ирет өтүп жаткан дүйнөлүк олимпиададан коло байге утушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандан төрт окуучу бир команда болуп катышкан. Алар: Өмүрбек Жамалов (Ысык-Көлдөгү К.Карасаев атындагы лицей), Талант Жеңишбек уулу (Кадамжайдагы "Семетей" лицейи, Шабдан Батыркулов (Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицей) жана Мирбек Бакиров (Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы лицей).

Мелдештин шарты боюнча ар бир катышуучу беш сааттан эки жолу турга катышат. Алар үч тапшырма аткарып, уюштуруучулар тарабынан коюлган программаны жазышы керек.

Информатика боюнча дүйнөлүк олимпиада 1989-жылдан бери өткөрүлүп, эң маанилүү мелдештердин бири болуп саналат. Быйыл ага 88 мамлекеттен 360тан ашык окуучу катышкан.

103
Белгилер:
олимпиада, мелдеш, Билим берүү жана илим министрлиги
Тема боюнча
Кубанов: онлайн-платформа орто бизнестин ишкерлери үчүн ыңгайлуу
Медициналык кызматкерлер. Архив

Медиктерге компенсациялык төлөмдөр үчүн кошумча 430 миллион сом бөлүндү

16
(жаңыланган 22:22 06.08.2020)
Бул каражат июль айы үчүн компенсациялык төлөмдөргө жумшалат. Анын 400 миллиону Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, калган 30 миллион сому Саламаттык сактоо министрлигине берилет.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Республикалык бюджеттен медицина кызматкерлерине компенсациялык төлөмдөр үчүн кошумча 430 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.

Бул каражат июль айы үчүн компенсациялык төлөмдөргө жумшалат. Анын 400 миллиону Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна, калган 30 миллион сому Саламаттык сактоо министрлигине берилет.

Бишкекте жок. Акыркы суткада башка аймактардан 37 медиктен COVID аныкталды

"Аталган чечим эпидемия очокторунда оору жугузуп алуу тобокелчилиги жогору болуп иштеген медицина кызматкерлерине дем берүү максатында кабыл алынды", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2911 учур катталды, алардын ичинен 1973 ак халатчан  айыкты.

16
Белгилер:
каражат, төлөм, дарыгер, Кыргызстан
Тема боюнча
Медиктерге июль айында 396 млн сом компенсация бөлүнгөн. Облус боюнча тизме
Автоунаа Боом капчыгайында. Архив

Ылдамдыкты азайтып, фара күйгүзүүнү унутпаңыз! Көлгө бара жаткандагы жол эрежелери

48
(жаңыланган 21:53 06.08.2020)
Азыр көлдө эс алуу сезону. Дем алыш күндөрү шаардыктар агылып Ысык-Көлдү көздөй жөнөшөт. Мындай учурда айланма жолдо кыймыл жанданып, автоунаалар да көп болору кадыресе көрүнүш.

Айланма жолго чыкканда айрым айдоочулар зуулдата айдап, ылдамдыкты көбөйтүп, эрежени эске албаса, кээ бири чындап эле билбейт. Ошондой эле айдоочулук этиканы унутуп койгондор да бар. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги Ысык-Көлгө бара жаткандагы айланма жолдун эрежелерин эске салууну эп көрдү.

Эрежелер тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев айтып берип, жолдо жүрүүдө эске алчу нерселерди да кошумчалады.

Автоунааларды озуп өтүүдө эмнелерди эстен чыгарбоо керек? Эреже, кеңештер

Фара күйгүзүүнү унутпаңыз. Калктуу конуштардан сыртка чыгары менен (мисалы, айланма жолдор, трассалар) бардык транспорт каражаттары фаранын жакынкы жарыгын күйгүзүп коюшу керек. Жарыкты туура эмес колдонгон учурда айдоочуларга 1000 сомдон айып пул каралган.

Ылдамдык маанилүү. Калктуу конуштардан башка жерлерде, ошол эле трасса, айланма жолдо айдоочу ылдамдыкты саатына 90 чакырымдан жогору айдабаш керек. Өкмөт автомагистралда саатына 110 чакырым ылдамдык менен айдоого уруксат бергени менен өлкөдө "автомагистраль" деген аталыштагы трасса жок. Анын ичинде Бишкек — Нарын — Торугарт жолу да автомагистралга кирбейт. Анткени Транспорт жана жолдор министрлиги ага ылайык жолдогу белгилерди өзгөртүп, кеңейтиши керек. Мындан улам Ысык-Көлгө бара жаткан трассада ашып кетсе 90 чакырым менен айдоо шарт. Ал эми калк жашаган аймакка киргенде ылдамдык саатына 60 чакырымга азайтылышы керек.

Айдоочу ГБРдин автоунаасына жол бошотуп берүүгө милдеттүүбү? Эрежелер

Жолдогу камералар. Бишкек шаарынан чыгары менен айланма жолдо Токмок шаарына чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун үч стационардык камерасы бар. Мындан сырткары, жол кырсыктарын алдын алуу максатында ар кайсы жерде үч буттуу камералар да коюлган. Алар туруктуу бир жерде турбайт. Кырсык көп катталган жана кооптуу аймактарга коюлат.

Айдоочулук этика. Караңгыда алыс жолго чыгуу кыйын. Айрым айдоочулар көздү уялтып алыскы жарыгын таптакыр өчүрбөй өтүп кетет. Бул башка айдоочуга тоскоолдук гана жаратпастан, жол кырсыгына да кептеши ыктымал. Мындан улам каршы тилкеде келе жаткан транспорт каражатына 150 метр жакын калганда сөзсүз жакынкы жарыкты күйгүзүп коюу керек. 150 метр калганда эле алыскы жарыкты жакынкыга алмаштырбай каршы келе жаткан транспорттун да белгисин кароо зарыл. Эгер ал фараларын бат-баттан күйгүзүп-өчүрсө, демек, сиздин фара ага тоскоолдук кылып жатат. Андыктан алыскыны жакынкы жарыкка дароо алмаштырыңыз.

"Аварийка" кайсы учурларда колдонулат? Айдоочу биле жүрчү эрежелер

Жол кырсыкка кептеген учурлар. Ысык-Көлгө эс алууга баратып же келе жатып трассада кырсыктагандардын көбү ылдамдыктан алдырышат. Катуу ылдамдыкта келе жатып тосмолорду сүзүп, рулду башкара албай ала салып же жолдон чыгып кетип кырсыктагандар болот. Ошондой эле каршы тилкеге чыгып, автоунааны озуп өтүп, мас болуп айдагандар да кырсыктын себепкери жана күнөөкөрү болушат.

Автоунааны текшертүү. Бишкектеги автотейлөө борборлорунун биринин менеджери айдоочуларга автоунаа бузук эмес экенине көзү жеткенден кийин гана жолго чыгууну сунуштады. Айрыкча, темир тулпардын жүрүү бөлүгүн бир сыйра текшертип, майын, суюктук деңгээлин да бир карап коюш керек. Кошумча дөңгөлөк да салып коюуну унутпаңыз. Аны алмаштырууда жабдууларды ар кимден сурабайын десеңиз, сатып алып транспортко салып коюу ашык болбойт.

48
Белгилер:
камера, автоунаа, айдоочу, жол эрежеси, Кыргызстан
Тема боюнча
Этият болуңуз! Айдоочулар үчүн турак жай зонасында жүрүү эрежелери
Ооруканада жаткан киши. Архив

Кайрадан ок атылды. Баткенде чек арага жакын айылдын тургуну жарадар болду

143
(жаңыланган 22:36 06.08.2020)
Маалыматты өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Алишер Абдрахманов тастыктады. Анын айтымына караганда, окуя 18:00 чамасында болгон.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бүгүн, 6-августта, болжол менен 18:00 чамасында чек арага жакын жайгашкан Баткен районундагы Көк-Таш айылынын (Тажикстандын чек арасына чукул) жашоочусу жаракат алганын аталган айыл өкмөтүнүн жетекчиси Разия Өсөрова билдирди.

Анын айтымына караганда, атылган октун үнү угулган. Ал эми жарадар болгон киши ооруканага жеткирилген. Өсөрова ал жерге эл чогулуп, бирок аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын айткан.

Бул маалыматты өкмөттүн Баткен облусу боюнча өкүлү Алишер Абдрахманов тастыктады. Анын айтымына караганда, окуя 18:00 чамасында болгон.

"Ал Көк-Ташка жакын жерден жарадар болуптур. Операция жасап жатышат", — деди ал.

Калган маалыматты кийинчерээк бере тургандыгын билдирди.

Ал эми Баткен облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Арзыбек Бөрүбеков бейтаптын эки жерине ок тийгенин айтты.

"Көк-Таш айылында ок тийген жергиликтүү жашоочу бүгүн саат 19:40 чамасында ооруканага келип түшкөн. Жабырлануучунун денесинин эки жерине ок тийген. Учурда абалы оор, медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", — деди Бөрүбеков.

Чек арадагы ок атуу: тажикстандык көз жумду деген маалымат такталып жатат

Эске салсак, бүгүн эртең менен кыргыз-тажик чек арасында коңшулар тараптан ок атуу болуп, Кыргызстандын чек арачысы жаракат алгандыгы тууралуу маалымат тараган. Баткен облусунун Эки-Таш аймагында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар аңчылык курал менен Кыргызстандын чек ара кызматынын аскерине ок атып, ал жоокердин колун тешип өткөнү маалым болгон.

Мындан кийин эки тараптын өкүлдөрү жолугуп, чатакты Кыргызстан өзүнчө, Тажикстан өзүнчө иликтей турган болушкан. Себеби жарадар болгон кыргызстандык чек арачыдан башка, тажикстандык бир жарандын каза болгону айтылган.

Кыргызстандын Көк-Таш айылы Тажикстан менен болгон чек арага жакын жайгашкан. Көк-Таш айылы менен Тажикстандын чек арасын бир эле көчө бөлүп турат. Аталган калктуу конуштун стратегиялык мааниси бар, анткени анын аймагынан Көк-Таш — Ак-Сай — Рават жолу башталат.

143
Белгилер:
ок атуу, чек ара, Баткен облусу, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Казак чек арасындагы чатак: мигранттар алдамчылардын торуна кантип түштү