БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Алмазбек Атамбаевге суракка чакырган кагазды жеке өзүнө тапшыруу үчүн үйдүн дубалынан секирип түшүүгө аргасыз болду. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Орозбек Опумбаев маалымат жыйын учурунда билдирди.
7-августта атайын даярдыктагы аскерлер Алмазбек Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап, суракка алып келүүгө аракет кылышкан. Бирок алардын аракетинен майнап чыккан эмес.
"Атамбаев эшигин ачпагандыктан "Альфанын" балдары дубалдан секирүүгө мажбур болду. Себеби алар беш кызматкердин үйгө кирүүсүнө шарт түзүшү керек эле. Анын ичинде башкы башкармалыктын жетекчиси да бар. Ал Атамбаевдин жеке өзүнө суракка чакырган кагазды бериши керек болчу. Ошондуктан ушул операция жасалды. Бирок биздин кызматкер дубалдан секирип түшкөндөн кийин душманга таш ыргыткандай эле ташка алышты. Бул учурда Алмазбек Атамбаев коён сыяктуу өзүнүн чээнине кире качты", — деди Опумбаев.
Опумбаев Атамбаев каршылык көрсөтүү үчүн атайын даярданганын айтты.
"Ал үйүн өзүнчө эле чеп кылып алыптыр. Эшик-терезелерге темир тор коюлганын көрдүңөр", — деди ал.
Эске салсак, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Орозбек Опумбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы тууралуу маалымат жыйын өткөрүштү.
Канзастын жаныбарлар коругунда аңчы мүйүздөрү менен бекем чырмалышкан эки эликти байкаган. Бул тууралуу Fox23 жарыялады.
Күбөлөрдүн айтымында, жаныбарлар сүзүшүп жатып мүйүздөрү кайчылашып, экөө такыр ажырай албай калган. Бири бошонууга аракет жасаса, экинчисин тартып кеткен. Аңчы жергиликтүү мергенчилик боюнча башкармалыкка кайрылып, токойчу рейнжерлер жардамга келишкен.
Алар аркан жана керектүү шаймандарды алып, аралыктан туруп эликтерди бири-биринен ажыратууга аракет жасашкан, бирок андан майнап чыккан эмес.Жефф Клоузер аттуу кызматкер жаныбарлар токойчулардан үркүп качпашы үчүн алардын мүйүзүнө төшөнчөнү ыргытып, көзүн жапкан. Эликтер качпай, бир саамга тыным алып калган учурда рейнжер бир ок менен кайчылашкан мүйүзгө таамай аткан.
Жаныбардын мүйүзүнүн учу сынып түшүп, алар чырмалышкан жеринен заматта бошонгон. Жаныбарлар октон жабыркаган эмес.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Япониялык жана түштүк кореялык туристтер Кыргызстанга абдан кызыгышат. Бирок ыңгайлуу аба каттамдары жок болгондуктан келгиси келбейт. Бул тууралуу "Тоодогу куткаруу кызматы" коомдук фондунун жана Тоо гиддери ассоциациясынын башчысы Владимир Комиссаров билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн "Эмне себептен Кыргызстан кышта туристсиз калуу коркунучуна кептелди? Тоо лыжа базаларындагы абал" аттуу брифингге катышты.
Анын айтымында, Кыргызстан үчүн эки өлкө тең ири рынок болуп бере алат.
"Эгер туризм тармагындагы программаларды ишке ашыра турган болсок, перспективасы күчтүү рыноктордун бири Япония болуп эсептелет. Азыр деле бизге япониялыктар көп келишет, бирок аларга учуп келүүгө ыңгайлуу эмес. Токиодон Бишкекке келүүнүн эң жакын жолу Москва аркылуу жайгашып, эки күнгө созулат. Нур-Султан шаары аркылуу келсе деле ушунча убакыт кетет", — деди ал.
Комиссаровдун айтымында, Түштүк Корея менен дагы ушул сыяктуу кырдаал түзүлгөн.
Ал кошумчалагандай, башка мамлекеттер кайсы бир өлкөгө аба каттамын ачуу үчүн алгач туристтик агенттиктер менен сүйлөшүп, кардар чогултушат.