Усубалиевдин ысымы тоонун чокусу менен Бишкектеги эски аянтка ыйгарылат

© Предоставлено Центральным Госархивом КРМамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиев. Архив
Мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Усубалиевдин 100 жылдык мааракеси улуттук деңгээлде өткөрүлөт.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымы Кыргызстандагы бир тоонун чокусуна жана Бишкектеги эски аянтка ыйгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу Усубалиевдин 100 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Турдакун Усубалиевдин сүрөттөгү элесине сүртүмдөр
Президенттин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, жыйын 13-август күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында болгон.

Анда Усубалиевдин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон эбегейсиз салымы белгиленди.

Уюштуруу комитетинин төрагасы, биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымат берип, 18 пунктудан турган иш-чаранын планы менен тааныштырды.

"Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысымын Кыргызстандын тоолорунун биринин чокусуна жана Бишкек шаарынын эски аянтына ыйгаруу маселеси иштелип чыгууда. Муну менен биргеликте бир катар маданий, илимий иш-чараларды, эскерүү кечелерин өткөрүү, биографиялык басылмаларды даярдоо дагы каралган", — деп айтылат маалыматта.

Турдакун Усубалиевдин небереси Эрмек Усубалиев бардык иш-чараларды анын чоң атасынын стилинде — жөнөкөй жана ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүү өтүнүчүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0