Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева. Архив

Күч органдары Кундуз Жолдубаеванын үйүн тинтип жатат

1295
Учурда Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү тинтүү иштерин жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын үйүн Аскер прокуратурасынын өкүлдөрү тинтип жатат. Бул тууралуу Жолдубаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдары анын үйүн ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун иши боюнча тинтип жатат.

Белгилей кетсек, Кундуз Жолдубаева 9-августта ИИМдин тергөө кызматына адамды барымтага алуу иши боюнча күбө катары сурак берип чыккан болчу.

Бүгүн, 14-августта, ал Аскер прокуратурасына сурак берүү үчүн чакырылган. Башкы прокуратура Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш ишин козгоп, сотко чейинки тергөө иштерин жүргүзүү Аскер прокуратурасына тапшырылган.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган деп айыпталууда.

Эске салсак, Асанов 13-августта "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.

Өз кезегинде Асанов кызматтан алынганы боюнча өзүнүн пикирин билдирип, мамлекеттин, өзүнүн намысы алдында таза экенин айткан.

7-августта мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башталып, ал максатына жеткен эмес. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алган. Эртеси, 8-август күнү, ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

1295
Белгилер:
Башкы прокуратура, Кыргызстан, Курсан Асанов
Тема:
Курсан Асановдун министрдин орун басарлыгынан алынышы (17)
Тема боюнча
Курсан Асанов суракта. Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоду
Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевден акча алып жатат деген видео боюнча үн катты
Курсан Асанов алды делген пакет. Адвокат баштыктын ичинде эмне бар экенин айтты
Лабораториядагы реагенттер. Архивдик сүрөт

Россиянын коронавируска каршы вакцинасы сыноодон ийгиликтүү өттү

9
(жаңыланган 11:22 12.07.2020)
Окумуштуулардын айтымында, вакцина сайылган ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчи тобу 20-июлда ооруканадан чыгат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россияда иштелип чыккан коронавируска каршы вакцина сыноодон ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Сеченов университетинин Трансляциондук медицина жана биотехнология институтуна шилтеме кылып жазып чыкты.

Аталган илимий мекеменин директору Вадим Тарасовдун айтымында, вакцина сайылган ыктыярчылардын биринчи тобу шаршемби күнү, экинчи тобу 20-июлда ооруканадан чыгат.

Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү

"Сеченов университети дүйнө жүзүндөгү биринчи вакцинанын сыноосун ийгиликтүү аяктады", — деди Тарасов.

Ал ошондой эле вакцина сайдырган адамдар узак убакыт обочодо болгондуктан аларда көйгөйлөр жаралып, жардамга психологдор келгендигин кошумчалады.

Ал эми Медициналык паразитология институтунун директору Александр Лукашев ал изилдөөдө дарыны колдонуу адамдын ден соолугуна коопсуз экендигин билүү зарыл болгондугун айтты.

ДССУ Россиянын СOVID-19га каршы вакцинасына кызыгууда. Видео

Эске сала кетсек, июндун ортосунда РФтин Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцинанын эки түрүн клиникалык сыноодон өткөрүүгө уруксат бергенин жар салган. Препараттар Гамалея атындагы эпидемиология жана микробиология боюнча илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыккан.

Сыноо Коргоо министрлигинин Бурденко атындагы госпиталында жана Сеченов медицина университетинде ыктыярчыларга жүргүзүлүүдө.

9
Белгилер:
сыноо, вакцина, изилдөө, Россия
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID таасири: метеорологдор беш жылда климат кандай өзгөрөрүн айтышты
Россия коронавируска каршы дагы бир дары чыгарды. Мүнөздөмөсү
COVID: "Авифавирди" амбулатордук түрдө колдонууга уруксат суралууда
Россияда эмгектенип жүргөн 45 кыргызстандык медик мекендештерине жардам берүү үчүн Бишкекке келе жатат

Россиядан дагы 45 кыргызстандык медик жардамга келе жатат

19
(жаңыланган 11:06 12.07.2020)
Жардамга келчү медиктердин көпчүлүгүнүн COVID-19 жуктурган бейтаптарды дарылоо боюнча тажрыйбасы бар экени айтылат.

БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Россияда эмгектенип жүргөн 45 кыргызстандык медик мекендештерине жардам берүү үчүн Бишкекке келе жатат. Бул туурасында Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 25 дарыгер, 20 медайымдан турган топ өз ыктыяры менен көмөк көрсөтүүгө макул болгон. Кыргыз медиктери менен 10-июлда элчи Аликбек Жекшенкулов жолуккан.

"Алар Россияда реаниматолог, кардиолог, эпидемиолог, терапевт, медайым болуп иштеп жүрүшкөн. Көпчүлүгүнүн COVID-19 жуктурган бейтаптарды дарылоо боюнча тажрыйбасы бар. Бишкекке баргандан кийин адистерге өтө муктаж болуп турган медициналык мекемелерде бөлүнүп иштешет", — деп айтылат маалыматта.

Силерсиз ооруну жеңе албайбыз! Боронов медициналык билими барларды ишке чакырды

Ыктыярчы-медиктер өзү менен кошо Кыргызстанда аябай тартыш болуп жаткан медициналык препараттарды дагы алып келе жатканы айтылат.

Алар бүгүн, 12-июлда, чартердик каттам менен келишет. Авиабилеттерин демөөрчүлөр алып беришкен.

Белгилей кетсек, 5-июлда дагы Москвадан 23 адистен турган кыргыз медиктеринин алгачкы тобу Бишкекке келип Улуттук госпиталда иштеп жатышат. Андан кийин Россиянын Екатеринбург, Новосибирск шаарларынан дагы дарыгерлер келишкен.

19
Белгилер:
препарат, каттам, элчилик, ыктыярчылар, жардам, медик, Россия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди
Жаңы 127 учур катталды. COVID жугузган миңден ашуун медик ооруканада жатат
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди. Сүрөт