Алгачкы маянасын көрүп талып кала жаздаган. Курсан Асанов тууралуу 9 факты

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoНачальник УВД Оша Курсан Асанов
Начальник УВД Оша Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ИИМ жетекчисинин мурдагы орун басары Курсан Асановдун айланасындагы окуялар коомчулуктун талкуусуна алынып, ЖМКлардын башкы темасына айланып жаткан чагы.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги генерал-майор тууралуу фактыларды даярдады.

Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген.

Социалдык тармактарда тараган видеодон Атамбаевди багынып берүүгө Курсан Асанов көндүргөнүн көрүүгө болот.

Кечээ, 13-августта, Курсан Асанов ички иштер министринин орун басары кызматынан "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан алынды. Ошондой эле ИИМ ага кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү үчүн Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип барган деген кине коюуда.

Последствия штурма дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш - Sputnik Кыргызстан
Согуш талаасындай! Атамбаевдин үйү атайын операциядан кийин. Сүрөттөр
Көп өтпөй Курсан Асанов иштен алынышы боюнча өз чындыгын айткан. Мындан тышкары, ал Алмазбек Атамбаевден акча алып жатат деген видео боюнча дагы жооп берген

Ал ортодо президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев Facebook баракчасы аркылуу Алмазбек Атамбаев Курсан Асановго берди делген баштыктын ичинде документ болгонун билдирди.

Бүгүн, 14-августта, Курсан Асановго карата Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, генерал-майор учурда суракта. Иш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча козголгон.

Маалымат жергиликтүү ЖМКларга чыккан маектеринен алынды.

Балалыгы

Курсан Асанов 1966-жылы 31-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылында туулган. Жергиликтүү ЖМКлардын бирине маек куруп, атасы Сатар колхоздун дыйкан чарбачылыгында бригадир болуп иштеп, кийинчерээк талааны таштап, мал чарбачылыгына өткөнүн айтып берген. Курсан Асанов эс тарткыча кой багып, балалыгы Чоң Алайдын жайлоолорунда өткөндүгүн жылмаюу менен эскерген.

Билим алам деп көшөргөн

Министр внутренних дел Кашкар Джунушалиев - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: Курсан Асанов Кашкар Жунушалиевдин тилин албай койгон
Мектепти аяктаган соң Казакстандын Зайсан шаарындагы чек ара бөлүгүнүн күжүрмөн отрядында кызмат өтөгөн. Өзүнүн айтымында, агезде жаштар жапырт билим алышчу эмес. Анткен менен Курсан Асанов юрист болуу кыялын ишке ашырам деп бир жыл талаага дарбыз эгип акча топтойт. Анан Саратов шаарына Юридикалык институтка тапшыруу үчүн жөнөйт. Бирок өтө албай калып, ошол жердеги заводго ишке орношот. Болочок милиционер ал учурду "Завод-фабрикалар күчүндө. Дарбыз эгип бир жыл ичинде тапкан эмгек акым 800 рубль болсо, ал эми заводдон айына 1500 рубль алып иштедим. Эсимде, алгач 540 рубль айлык алганда талып кала жаздагам" деп эскерген. 
© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoКурсан Асанов 2011-жылдын апрелинен тарта 2019-жылдын августуна чейин Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары болуп иштеген
Алгачкы маянасын көрүп талып кала жаздаган. Курсан Асанов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асанов 2011-жылдын апрелинен тарта 2019-жылдын августуна чейин Ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары болуп иштеген

Аскерден милицияга карай жол

Курсан Асанов Саратовдо үч жыл иштегенден кийин мекенге кайтууну чечет. Ошол убакта, тагыраагы 1990-жылдары, кыргыздар менен өзбектер урушуп, коменданттык саат киргизилген эле. Аскердеги күжүрмөн даярдыктын пайдасы тийип, 25 жаштагы жигит ОМОН отрядына катардагы жоокер болуп кирип, кыска аралыкта командирликке чейин көтөрүлөт. Андан кийин милициядагы кызматтары улам жогорулап отурат. 1994-2010-жылдары Базар-Коргон райондук, Жалал-Абад жана Ош облустук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси болгон. Ошондой эле Кара-Суу, Өзгөн жана Свердлов РИИБдерин башкарган.

1998-жылы Ош мамлекеттик университетин, 2004-жылы КРдин ИИМ академиясын "юрист" адистиги боюнча бүтүргөн.

Июнь окуясындагы орду

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку жетекчиси Алина Шаикова. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК издеген Шаикова эмнеси менен белгилүү. Кызыктуу 7 факты
Курсан Асанов 1990-жылдан бери кыргыз-өзбек уруштарында тажрыйбалуу болуп калгандыктан 2010-жылдагы июнь коогалаңында кырдаалды жакшы билген адис катары Ош шаарына комендант жана Ош шаардык милициянын жетекчиси болуп дайындалат. Ал учурда Асанов Бишкектеги Свердлов райондук ИИБди башкарганына 15 эле күн болот. Өзүнүн айтымында, Оштогу тааныштар, милиция кызматкерлери тынымсыз чалып, абал абдан кооптуу экендигин айтышкан. "ИИМдин жетекчиси Болот Шер чакыртып, бир нече кызматкер, жетекчилер менен шашылыш жыйын курду. Түнү бою даярдык көрүп, 11-июнда таң эрте Ошко жетип, мени милиция курамына комендант деп тааныштырган да киши болбой эле окту, отту аралап кеттик. Мени Ош шаарынын комменданты деп дайындалган буйрук 13-июнда араң колума тийди. Милиция кызматкерлеринде бир дагы бронежилет жок болчу. Айтор, коркунучтуу абалдан чыга алдык. Мага Жараткан, анан карапайым калктын түшүнүү менен колдоосу жардам берди. Ошол оор күндөрдөн Кыргызстандын аман-эсен чыгып кетишине күч органдарынын салымы чоң экендигин унутпашыбыз керек" деп эскерген.

Курсан Асанов 2010-жылдын октябрь айынан 2011-жылдын апрелине чейин ЖК депутаты болгон. Андан кийин ички иштер министринин түштүк аймагы боюнча орун басары болуп дайындалган.

Депутаттар катарына чакырып...

Үстүбүздөгү жылдын февраль айылында Курсан Асанов Жогорку Кеңешке жыйынга катышуу үчүн барган. Анда депутат Умбеталы Кыдыралиев ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов депутаттардын берген суроолоруна ушунчалык жакшы жооп берип жатканын белгилеген.

"Курсан Сатарович, сиз абдан жакшы жооп берип жатасыз, кийинки чакырылышта бул жакка (Жогорку Кеңешке — ред.) келиңиз", — деген депутат.

Кыдыралиевдин мындай сунушуна Асанов жооп берген жок. Бирок вице-спикер Мирлан Бакиров "Курсан Сатарович даярдык көрүп жатса керек" деген.

© AFP / VICTOR DRACHEV Генерал-майор 1990-жылдагы жана 2010-жылдагы кыргыз-өзбек кагылыштарында эки элдин тынчтануусуна чоң салым кошкон
Алгачкы маянасын көрүп талып кала жаздаган. Курсан Асанов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Генерал-майор 1990-жылдагы жана 2010-жылдагы кыргыз-өзбек кагылыштарында эки элдин тынчтануусуна чоң салым кошкон

Спорт менен дос

Генерал-майор Курсан Асанов ИИМ тарабынан уюштурулган күжүрмөн самбо турниринин ачылыш аземдеринде катышып, жаш спортчуларга мастер-класс көрсөтүп келет. Быйыл Спорт агенттиги өткөргөн саясатчылар арасындагы көк бөрү мелдешине катышкан

Журналистти сабады деп...

Жунушалиев: Атамбаев менен биринчи өзүм сүйлөшкөндө чыкпай койгон. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жунушалиев: Атамбаев менен биринчи өзүм сүйлөшкөндө чыкпай койгон. Видео
2017-жылы "Курсан Асанов журналист Аслан Сартбаевди кафеде парламент депутаттарынын көзүнчө урган" деген маалыматтар тарайт. Бирок бул маалыматты генерал-майор Жогорку Кеңеште журналисттер менен жолукканда төгүндөгөнүн "Супер-инфо" жазган

"Биз этика, ар-намыс тууралуу сүйлөшкөнбүз. Анан мен кетип калгам. Кол көтөрүү болгон эмес", — деген Асанов.

Батирге бай

2017-жылы Sputnik министрлик жана мекеме жетекчилеринин декларацияларына көз чаптырган. Анда ошол кездеги ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун аянттары 37, 38 жана 54 чарчы метрлик үч батири бар экендиги жазылган. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаКурсан Асановдун үч кызы, бир уулу бар экендигин ЖМКлар жазып жүрүшөт. Жубайы тууралуу дээрлик маалымат жок.
Алгачкы маянасын көрүп талып кала жаздаган. Курсан Асанов тууралуу 9 факты - Sputnik Кыргызстан
Курсан Асановдун үч кызы, бир уулу бар экендигин ЖМКлар жазып жүрүшөт. Жубайы тууралуу дээрлик маалымат жок.

Уул, кыздары тууралуу эмне белгилүү

Генерал-майордун үч кызы, бир уулу бар экендигин ЖМКлар жазып жүрүшөт. Жубайы тууралуу дээрлик маалымат жок. Былтыр Kaktus Media басылмасы Курсан Асанов Диана аттуу кызынын узатуу тоюн дүңгүрөтө өткөрүп, Ильяс деген жигитке турмушка бергенин жазган

Sputnik Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Америкада өткөн жиу-житсу боюнча эл аралык турнирден алтын медалга ээ болгонун маалымдаган. Кабарды тастыктап берген машыктыруучу Виктор Черевконун айтымында, Мухаммед-Али Асанов 22 жашта. Жиу-житсуга чейин ал кикбокс жана каратэ менен машыккан. Ошондой эле ИИМдин "Динамо" спорт ордосунда дагы жүрүп такшалган. Төрт жылдан бери Бостондогу Массачусетс университетинде инвестиция тартуу жана дүйнөлүк экономика багытында окуйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0