Из-за сильного ветра порвался флаг Кыргызской Республики на площади Ала-Тоо в Бишкеке

Катуу шамалдан улам "Ала-Тоо" аянтындагы желек тытылып кетти. Сүрөт

267
(жаңыланган 19:12 14.08.2019)
Тытылган желекти Улуттук гвардиянын аскерлери алмаштырды.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Катуу шамалдан улам "Ала-Тоо" аянтындагы желек тытылып кетти.

Из-за сильного ветра порвался флаг Кыргызской Республики на площади Ала-Тоо в Бишкеке
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Катуу шамалдан улам "Ала-Тоо" аянтындагы желек тытылып кетти

Борбор калаада саат 18:40тар чамасында катуу шамал болгон. Сүрөттө желектин жогору тарабынан тытылганын көрүүгө болот. Тууну Улуттук гвардиянын аскерлери алмаштырды.

267
Белгилер:
Бишкек, желек
Тема боюнча
Сентябрь ичинде аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу
Жайлоо. Архив

Прокуратура: Ысык-Көлдөгү менчиктелип кеткен жайыт мамлекетке кайтарылды

5
(жаңыланган 12:13 14.05.2021)
2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер райондук соттун чечими менен менчикке өтүп кеткен.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Ысык-Көл облустук прокуратурасы менчикке өтүп кеткен 3,48 гектар жерди аныктап чыгып, аны кайра мамлекетке кайтарды. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен 2015-жылдын жай айларында жайыт катары эсептелген 3 086 000 сомдук жер К.А. аттуу жарандын менчигине мыйзамсыз берилип кеткен. Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө бул фактылар ачыкка чыкты", — деп айтылат маалыматта.

3,48 гектар жайытты мамлекетке кайтарып бериш үчүн Ысык-Көл облустук прокуратурасы доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырган. Анын натайжасында кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн.

5
Белгилер:
менчиктештирүү, чечим, жер, сот, прокуратура, Ысык-Көл району, Кыргызстан
Тема боюнча
Прокуратура: Таластагы жайыт, Нарындагы жер тилке мамлекетке кайтарылды
Профилактика иштерин жасап жаткан сантехник. Архив

Бишкекте ысык суу өчкөндөн кийин кандай иштерди жасап алуу керек

9
(жаңыланган 12:01 14.05.2021)
Бишкекте 17-майдан баштап бир айга ысык суу өчүрүлөт. Буга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына көйгөйлөрдү алдын алуу иштерин жүргүзүп алуу сунушталды.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Борбор калаада ысык суу өчкөн маалда бир нече профилактикалык иштерди жасап алуу керектигин "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы айтып берди.

Эске сала кетсек, Бишкекте 17-майдан баштап бир айга ысык суу өчүрүлөт. Бул убакыт аралыгында суу түтүктөрү пландуу оңдоодон өткөрүлүп, күз-кыш мезгилине даярдык көрүлөт.

Буга байланыштуу көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларына ар кандай көйгөйлөрдү алдын алуу иштерин жүргүзүп алуу сунушталды:

  • түтүк ылдый жактан келген көп кабаттуу үйлөр жогорку жактан аба чыгара турчу шаймандарды орнотуусу зарыл;
  • жылуулукту жакшы өткөрүү үчүн кирдеп толуп калган эски батареяларды жууп же алмаштыруу керек;
  • ошондой эле ысык менен муздак сууну аралаштырып берген крандарды оңдоп алуу туура;
  • ысык суу берилерде суу агып кетпеш үчүн "Аристон" сыяктуу суу жылытуучу каражаттарды өчүрүп коюу зарыл;
  • айнектерди жана сырткы эшиктерди жылуулап алуу керек.

Суроолор боюнча "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын 1980, (0312) 611 169, 0557 611166, 0777611166 жана 0701 611166 номерине чалууга болот.

9
Белгилер:
ысык суу, ишкана, Бишкек жылуулук тармагы, Бишкек
Тема боюнча
Ошто таза суу көйгөйүн чечүү үчүн жаңы долбоор каралууда
Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү белгилүү болду