Аскер прокуратурасы Курсан Асановдун үйүн тинтүүгө алды

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаИчки иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив
Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асанов 13-августта "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен кызматтан алынган болчу.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун үйү тинтүүгө алынды. Бул туурасында анын адвокаты Икрамидин Айткулов билдирди.

Жактоочунун айтымында, бүгүн, 14-августта, Асанов Аскер прокуратурасына чакырылып, сурак берип чыккан. Ошондой эле жашаган үйү тинтүүгө алынган.

Асановго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси - "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Начальник УВД Оша Курсан Асанов - Sputnik Кыргызстан
Алгачкы маянасын көрүп талып кала жаздаган. Курсан Асанов тууралуу 9 факты
Башкы прокуратуранын билдиришинче, Курсан Асанов 7-8-августта ички иштер министринин талаптарына жана буйругуна бир нече ирет баш ийбей жана укугу жок болсо да министрдин макулдугусуз өз алдынча чечим кабыл алган. Андан сырткары, ички иштер органдарынын жеке курамын башкаруусуз калтырган деп айыпталууда.

Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишеничтен кетти" деген негиз менен 13-августта ички иштер министринин орун басары кызматынан бошотулган.

Өз кезегинде Асанов мамлекеттин жана өзүнүн абийири алдында таза экенин белгилеген.

Эске салсак, 7-августта УКМКнын атайын даярдыктагы кызматы мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзүп, ишке ашпай калган. "Альфанын" жоокерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 136 киши жаракат алды.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Мурдагы президент менен Курсан Асанов сүйлөшүп, багынууга көндүргөн видеосу жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0