Быйыл чөп кымбаттадыбы? Жети облустагы наркка саресеп

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЧөп жыйнап жаткан дыйкандар. Архив
Чөп жыйнап жаткан дыйкандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын, Ысык-Көл облусундагы тургундардын айтымында, быйыл чөптүн түшүмү начар, анан жылдагыдан кымбат.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Жайдын акыркы айы ортолоп, аймактарда жыйым-терим чекесинен башталды. Көпчүлүк аймактар чөбүн чаап, жыйнап жатышат.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ар жылы өлкө аймактарындагы чөптүн наркына мониторинг жүргүзүп келет. Бул ирет да жети дубанда чөптүн бир боосу канчадан сатылып жатканын сураштырып көрдү.

Кыргызстандын аймактарындагы чөптүн баасы (бир түгү, сом менен, 2019-жыл)
Быйыл чөп кымбаттадыбы? Жети облустагы наркка саресеп - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аймактарындагы чөптүн баасы (бир түгү, сом менен, 2019-жыл)

Тоолуу Нарын жеринде чөп чабыктын кызып турган убагы. Техника да, эл да талаада. Жергиликтүү тургундардын айтымында, быйыл былтыркы жылга салыштырмалуу чөп кымбатыраак. Бир түктүн баасы 200 сомдун тегерегинде сатылып жатат.

Ат-Башы районунун тургуну Кубан Океев муну аба ырайынын кургакчыл болгондугу менен байланыштырды.

"Жамгыр көп жааган жок, жаз-жайда суу аябай эле тартыш болду. Ошол себептен элде жылдагыдан чөп аз, баасы кымбат болууда. Былтыр эң кымбат дегенде бир түк чөп 150 сомдон, мурдагы жылы 70 сомдон эле сатылган", — деди Океев.

Ысык-Көл облусунда чөптүн экинчи чабыгы эми башталат экен. Жетиөгүздүк Болот Миңбаев биринчи чабык 10-июндан 10-июлга чейин созулуп, анда бир түк чөп 120 сомдон сатылганын айтты.

Жети-Өгүздө өрүк сатуу машакатка айланды. Багбандардын ящик талашкан видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жети-Өгүздө өрүк сатуу машакатка айланды. Багбандардын ящик талашкан видеосу
"Экинчи чабыктагы чөптүн баасы 150 сомго чейин барат го. Көл тарапта быйыл чөп жакшы чыккан жок, ошол себептен кымбатыраак болуп жатат. Кышында баасы мындан да көтөрүлөт", — деди Миңбаев.

Талас менен Жалал-Абадда чөп үч ирет чабылат. Аталган аймактарда чөптүн бир түгү 100 сомго бааланып жатса, Ош, Баткенде 80-90 сомдун тегереги экен. Чүйдө болсо нарк былтыркыдай, бир түгү 120 сомдон сатылып жатканын жергиликтүү тургундар айтышты.

Айыл чарба министрлигинин маалыматында, чөптүн баасы аба ырайына байланыштуу ар жылы улам өзгөрүп турат. Алсак, 2014-жылы бир түк чөп 350 сомго чейин сатылыптыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0