Казакстанда жарылуу болгон Арыс шаарынын балдары Ысык-Көлдө эс алууда

© Sputnik / Табылды КадырбековНаступило лето: Иссык-Куль открыл пляжный сезон
Наступило лето: Иссык-Куль открыл пляжный сезон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүндөгү ок-дары сакталган кампасында жарылуу болгон.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев Ысык-Көлдөгү ден соолукту чыңдоо борборлорунда эс алып жаткан казакстандык балдар менен жолукту. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалат. 

Ага ылайык, Арыс шаарынан жалпысынан 120 бала келген. Алардын 50сү "Дзержинец", 70 бала "Ден соолук" борборунда эс алууда. 

© Фото / посольство РК в КРКазакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев Ысык-Көлдөгү ден соолукту чыңдоо борборлорунда эс алып жаткан казакстандык балдар менен жолукту
Казакстанда жарылуу болгон Арыс шаарынын балдары Ысык-Көлдө эс алууда - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаев Ысык-Көлдөгү ден соолукту чыңдоо борборлорунда эс алып жаткан казакстандык балдар менен жолукту

Красота! Тоо-Ашуу и Иссык-Куль сняли с дрона — видео - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн жана Төө-Ашуунун кооздугун алаканга салган видео
Эс алуу жайынын жетекчилеринин айтымында, балдар башкалар менен да достошконго жетишкен. Алар үчүн көңүл ачуучу, таанып-билүүчү программа даярдалган.

Белгилей кетсек, быйыл 24-июнь күнү саат 9.20ларда Казакстандын түштүгүндө жайгашкан Арыс шаарындагы №44856 аскер бөлүгүндөгү ок-дары сакталган кампасында жарылуу болгон. Эл 80 чакырымдык жолдогу Шымкентке эвакуацияланган. Акыркы маалыматтар боюнча, каргашадан эки жоокер, бир жай тургун каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0