Кыргызстандын кайсы аймагында ажырашкандар көп? Рейтинг

CC0 / loilamtan / Женитьба в КР
Женитьба в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын алты айында Кыргызстанда 22 миңден ашык түгөй никеге турган. Бирок ошол эле учурда беш миңден ашык жубай ажырашып кеткен. Sputnik Кыргызстан агенттиги бул сандарды аймактарга бөлүп тизмектеп чыкты.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын январь-июнь айларында 22 миң 574 түгөй баш кошкон. Үйлөнүү тойлорунун көпчүлүгү Ош, Жалал-Абад облусу менен Бишкек шаарында катталган.

Ошол эле маалда бул убакыт аралыгында 5 495 жуп өз никесин сактай албай калган. Ажырашуу боюнча Бишкек шаарындагылар эч кимди алдыга салдырбайт. Борбор калаада жыл башынан бери 1 113 үй-бүлө ыдыраган. Кийинки орунда Чүй жана Жалал-Абад облусу турат.

Баса, быйыл жыл башынан бери Кыргызстандын калкы канчага көбөйгөнүн да билип алыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0