УКМК имараты. Архивдик сүрөт

Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы УКМКда каралмай болду

143
(жаңыланган 09:48 16.08.2019)
Атамбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 16-августта, Бишкек шаардык сотунда каралмак.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте каралмай болду. Бул тууралуу анын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.

Айта кетчү жагдай, азырынча бул маалыматты ИИМ да, УКМК да тастыктай элек.

Эске салсак, Атамбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, 16-августта, Бишкек шаардык сотунда каралмак.

Белгилей кетсек, 7-августта УКМКнын мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калган. Атайын даярдыктагы бөлүктүн аскерлерине Атамбаевдин тарапташтары катуу каршылык көрсөтүп, ок атылган. Айрым автоунаалар өрттөлүп, кээ бирлерин таш менен талкалашкан. Натыйжада спецназдын бир жоокери каза таап, 100дөн ашуун киши жаракат алган.

Эртеси, 8-августта, операцияны ИИМ жүргүзүп, сүйлөшүүлөрдөн кийин Атамбаев багынып берген. Андан соң "Ала-Тоо" аянтына жүздөгөн адам чогулуп, массалык башаламандык уюштурган. Аларды күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ жана катуу үн чыгаруучу каражаттарды колдонуп тараткан.

Кийин Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Атамбаевге жалпысынан 14 айып тагылууда.

143
Белгилер:
коргоо, УКМК, сот, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы (94)
Тема боюнча
Алмазбек Атамбаевге 14 айып коюлду. Тизме
Атамбаевди кармоо. Башаламандыктан борбор калаа 2 млн. сомго чыгым болду
Курсан Асанов Алмазбек Атамбаевден акча алып жатат деген видео боюнча үн катты
Адвокат Кайрат Загибаев. Архив

Белгилүү адвокат Кайрат Загибаев пневмониядан каза болду

62
(жаңыланган 21:10 02.07.2020)
Маркум акыркы убакта Кой-Таш окуясында окко учкан УКМК жоокеринин үй-бүлөсүнө жактоочу болуп иштеген.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Адвокат Кайрат Загибаев пневмония оорусунун кесепетинен каза болду. Бул туурасында анын досу жана кесиптеши Канат Хасанов Facebook баракчасына жазды.

Хасановдун айтымында, Загибаев пневмониядан көз жумган үчүнчү адвокат.

Кайрат Загибаев коомчулукта чуу жараткан кылмыш иштеринде жактоочу катары иштеп келген. Алсак, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин, экс-депутат Хаджимурат Коркмазовдун адвокаты болгон. Соңку учурда Кой-Таш окуясында окко учкан УКМКнын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн начальнигинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө жактоочу болуп иштеген.

Кыргызстанда пневмониядан бир суткада 17 киши көз жумду

62
Белгилер:
адвокат, өлүм, пневмония, Кайрат Загибаев
Тема боюнча
Коркунучтуу дарт экен! Ооруканадан кайрылуу жасаган 37 жаштагы милиционер көз жумду
Чункурчак капчыгайы. Архив

Жумага карата аба ырайы

12
(жаңыланган 21:03 02.07.2020)
Түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондоруна кар жаайт.

БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. 3-июль, жума күнү, Чүй, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинин кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Ал эми Талас жана Жалал-Абад облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Чүйдө +23…+28, Таласта +24…+29, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +30…+35, Ысык-Көлдө +20…+25 жана Нарында +21…+26 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек, Ош жана Чолпон-Ата шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы ордо калаада +26…+28, Ошто +32…+34 жана Чолпон-Атада +20…+22 градуска дейре көтөрүлөт.

12
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Июлда мээ кайнаткан ысык болобу? Аба ырайынын келерки айга божомолу