Арыктан ичип... Кыргызстанда таптакыр таза суусу жок отурган айылдар. Тизме

© Sputnik / Эмиль СадыровАрыктагы сууга бараткан аял. Архив
Арыктагы сууга бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таза суу тартыштыгы - Кыргызстанда курч маселелердин бири. Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу агындылоону өнүктүрүү департаментинин берген маалыматына ылайык, өлкөдө 346 айылда таптакыр таза суу жок.

Кыргызстандын аймагындагы бул 346 айылга башынан эле таза суу системасы киргизилген эмес.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн кайсы облусунда таза сууга муктаж айылдар көп экенин билип көрдү. Ошондой эле өмүр бою таза суусу жок, арыктан суу ичкен айылдардын тизмесин сунуштайт.

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу агындылоону өнүктүрүү департаментинин бул таблицасында таза суу системасы өмүрү кирбеген айылдар көрсөтүлгөн. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда 121 кыштак таза суусу жок отурат. Ош облусунда 102, Баткенде 83 айыл таптакыр таза суусуз калса, Нарында 19ду түзөт. Ал эми Ысык-Көлдө 10, Таласта 11 айылга таза суу системасы такыр эле кирген эмес. Чүй облусунда таза суу системасы кирбеген бир да айыл жок. Анткен менен союз убагында салынып, бирок эскилиги жетип калгандыктан, таза суусуз калган айылдар бар.

2023-жылга чейин бардык айылдар таза суу менен камсыз болот

Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу агындылоону өнүктүрүү департаментинин жетекчисинин орун басары Сайпидин Момуновдун айтымында, 2023-жылга чейин приоритеттүү делген 653 айылга толугу менен таза суу системасы киргизилет.

"Таза суу маселеси боюнча Кыргызстандагы 1819 айылды төрт топко бөлгөнбүз. 1-топтогу айылдарга таза суу 1950-70-жылга чейин киргизилген. Экинчи топтогу айылдарга таза суу 1970-90-жылдары берилсе, 3-топтогу айылдар 1990-жылдан 2000-жылга чейин камсыз болгон. Ал эми 4-топтогуларда такыр эле таза суу жок. Ушулардын ичинен 1инчи жана 4-топтогу айылдарды приоритеттүү деп тапканбыз. Башкача айтканда, тез аранын ичинде эки топко кирген 653 айылга таза суу системасы киргизилип, эскилиги жеткендер оңдолушу керек", — Момунов.

Адис учурда бул маселени чечүү үчүн каржы булактар табылып жатканын кошумчалады.

Отключение воды в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте таза суу көйгөйү качан чечилет. "Бишкек суу каналдын" жообу
"План боюнча 2026-жылга чейин бардык айылга таза суу киргизүү талабы коюлган. Бирок президент Сооронбай Жээнбеков ишти тездетип, 2023-жылга чейин бул маселе чечилип калсын деген тапшырмасын берди. Буюрса, 2023-жылга чейин бардык айылга таза суу кирип калышы керек. Сырттан инвестиция тартып, банктардан кредиттик жана гранттык каражат алып жатабыз. Дүйнөлүк банктан алынган акчага Чүй, Ош жана Ысык-Көл облусундагы айылдар таза суу менен камсыз болот. Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан берилчү каражаттын 1-фазасына Жалал-Абад облусунунун айылдарын, 2-фазасына Баткен, Талас облустарын таза суу менен камсыз кылабыз. Ал эми Нарын облусундагы таза суусу жок айылдар Азия өнүктүрүү банкы берген каражаттын эсебинен каржыланат. Буга чейин өлкө башчы Жээнбеков Кытай башчысы менен таза суу көйгөйүн чечүү үчүн 100 миллион доллар грант алууну сүйлөшкөн. Буюрса, бул акчалар келип калса 2023-жылга чейин өлкөдөгү таза суу маселеси чечилет", — деди Момунов.

Эске салсак, ушул жылдын май айында президент Сооронбай Жээнбеков 608 айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 34 миллиард сом керек экендигин айткан.

Президент өлкө боюнча жалпы 653 айыл таза сууга муктаж экенин, анын 45инде маселе чечилип, калган 608 айылдын көйгөйү беш жыл ичинде чечилерин баса белгилеген.

Ажо мөөнөтү аяктаганга чейин өлкөнүн бардык аймагын таза суу менен камсыздайм деп убада берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0