Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган 120 мүлкүнүн тизмеси жарыяланды

© Фото / Фотохост-агентство / Медиабанкка өтүүПрилёт в Уфу Президента Киргизской Республики Алмазбека Атамбаева
Прилёт в Уфу Президента Киргизской Республики Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 13-августта өткөн маалымат жыйын учурунда Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынганын билдирген болчу.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Башкы прокуратура мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган мал-мүлкүнүн тизмесин жарыялады.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 13-августта өткөн маалымат жыйын учурунда Атамбаевдин 120 мүлкү камакка алынганын билдирген болчу.

Банктагы эсептер

Алмазбек Атамбаевдин тийиштиги бар делген кылмыш ишти тергөө учурунда бир катар кыймылсыз мүлк, баалуу кагаздар, акциялар жана Кыргызстандагы банктардагы эсептер камакка алынган.

1. "Кыргызкоммерцбанк"

2. "Кыргызстан" коммерциялык банкы

3. "Оптима Банк"

4. "Кыргыз-швейцария банкы"

5. "Капитал Банк"

6. Россия-Кыргызстан "Аманбанк"

7. "Толубай" акционердик коммерциялык банкы

8. "РСК Банк"

9. "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк"

10. "БТА Банк"

11. "Дос-Кредобанк"

12. "ЭкоИсламикБанк"

13. "Евразия сактык банкы"

14. "Азия Банкы"

15. "Бакай Банк"

16. "Халык Банк Кыргызстан"

17. Пакистандын улуттук банкынын Бишкектеги филиалы

18. "Кыргыз инвестициялык-кредит банкы"

19. "ФинансКредитБанк"

20. "Айыл Банк"

21. "Росинбанк"

22. "Бай-Түшүм" банкы

23. "ФИНКА Банк"

24. "Чанг Ан Банк"

25. "Банк Компаньон"

Банктагы ячейкалар кимдерге таандык болгон? Юридикалык жана жеке тараптар

1. Атамбаев Алмазбек Шаршенович

2. Атамбаева Раиса Минахмедовна

3. "Кыргызавтомаш" ААКы

4. "Апрель-ТВ" ЖЧКсы

5. "Апрель" коомдук фонду

6. "Редакция телерадиокомпании "Канал D" ("Канал Ди") ЖЧКсы

7. "Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеши" ("Республиканский общественный экспертный совет по вопросам устойчивого человеческого развития") коомдук бирикмеси

8. "Ден соолук жана узак жашоо" медициналык-билим берүүчү илимий борбору" ("Медико-образовательный научный центр "Здоровье и долголетие") мекемеси

9. "Телерадиоуюмдарынын ассоциация" юридикалык жактардын бирикмеси

10. "Кыргызавтомаш" корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси

Камакка алынган мал-мүлкү. Алмазбек Атамбаевге тиешелүүлөрү:

  • Toyota Land Cruiser, 2000-жылы чыккан;
  • Mitsubishi Pajero, 1997-жылы чыккан;
  • Toyota Land Cruiser, 1998-жылы чыккан;
  • MAN үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа, 1993-жылы чыккан;
  • BMW X5, 2001-жылы чыккан;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы, б/н көчөсү;
  • жер тилкеси, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айыл аймагы, квартал "Курорт-рекреациялык аймагы";
  • жайыт, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • жер тилкеси, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • Ден соолукту чыңдоо борбору, Аламүдүн району, Кой-Таш айылы;
  • турак үй, Аламүдүн району, Арашан айылы, Полевой көчөсү;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы;
  • көп жылдык бактар, Аламүдүн району, Арашан айылы, Татыр аймагы.

Раиса Атамбаевага таандык мүлк:

  • Toyota Land Cruiser, 2004-жылы чыккан;
  • Mercedes-Benz 600, 1994-жылы чыккан;
  • ГАЗ 3110, 1999-жылы чыккан;
  • батир, Бишкек шаары, Москва көчөсү;
  • турак үй, Бишкек шаары, Новооктябрь көчөсү.

"Кыргызавтомаш" ААКына таандык мүлк:

  • Бишкек шаарындагы Матросов көчөсүндө киши жашабаган 38 имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндө алты жер тилкеси;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү темир жолу;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү соода борбору;
  • Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү киши жашабаган имарат;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү 19 цех;
  • Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндөгү үч батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү дүкөн;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү тогуз кампа;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү резервуар;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы көп бөлмөлүү үй;
  • Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы 17 батир;
  • Бишкек шаарынын Матросов көчөсүндөгү кеңсе;
  • Бишкек шаарынын Горький көчөсүндөгү киши жашабаган имарат.

"Медиа Форум" ААКына таандык мүлктөр:

  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү жер тилке;
  • Бишкек шаарынын 7-апрель көчөсүндөгү адам жашабаган имарат;
  • "Форум илимий-өндүрүш фирма" ЖЧКсына таандык мүлктөр;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы "Курорт-рекреациялык аймак" кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы "Курорт-рекреациялык аймак" кварталындагы курулушу бүтө элек объекти;
  • Ысык-Көл районунун, Чолпон-Ата шаарындагы "Курорт-рекреациялык аймак" кварталындагы жер тилке;

"Апрель-ТВ" ЖЧКсына таандык мүлктөр:

  • Радио, студия ТВ, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • Теле борбор, Жалал-Абад шаары, Ленин көчөсү;
  • "Апрель" коомдук фонду;
  • "Канал D" (Канал Ди) телерадиокомпания редакциясы" ЖЧКсы;
  • "Адамдын туруктуу өнүгүүсү маселелери боюнча республикалык коомдук эксперттик кеңеш" коомдук бирикмеси;

"Ден соолук жана узак жашоо" медициналык билим берүүчү илимий борбору" ("Медико-образовательный научный центр "Здоровье и долголетие") мекемеси;

"Телерадиоуюмдарынын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси;

"Кыргызавтомаш" корпорациясынын ишкерлер ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмеси.

Кой-Таштагы окуя

Заседание Высшего Евразийского экономического совета на уровне глав государств (ВЕЭС) - Sputnik Кыргызстан
Адвокат: Атамбаев тергөөнүн бир дагы суроосуна жооп берген жок
7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок ал ишке ашпай калган. 8-август күнү ИИМ атайын операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген болчу. Ошол күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтарыбыз деп "Ала-Тоо" аянтына чогулган адамдарды милиция күч менен тараткан болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши түрдүү жаракаттарды алышкан. Спецназдын бир кызматкери окко учкан. Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Аны менен кошо бир нече жактоочусу да кармалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0