Министрлик: 2-сентябрь жумуш күнү болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовОфис кызматкери. Архив
Офис кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылдын 2-сентябрындагы дем алыш 2019-жылдын 4-январына жылдырылган болчу.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 2-сентябры жумуш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Эмгек кодексине ылайык, эгер кайсы бир майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, алдыдагы дүйшөмбү эс алуу күнү болот. Быйыл 31-август, Эгемендүүлүк күнү ишембиге туш келген. Мыйзамга ылайык, 2-сентябрь эс алуу күнү болмок.  Бирок министрлик 2-сентябрдагы дем алыш күнү 2019-жылдын 4-январындагы иш күнүнө жылдырылганына байланыштуу дүйшөмбү иш күнү болот деп түшүндүрмө берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0