Сапар Исаков ооруканага түштү

© Sputnik / Нурис АлымбаевДопрос Сапара Исакова в ГКНБ
Допрос Сапара Исакова в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Исаков УКМКнын убактылуу тергөө абагында болчу.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

"Сапар Исаков азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат", - дешти маалымат кызматынан.

Исаков кайсы ооруканага жаткырылганын такташкан жок.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаковдун эмнеси жабыркап ооруканага түшкөнү айтылды
Мурдагы премьер-министр УКМКнын убактылуу тергөө абагында болчу.

Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0