Оорукана. Архив

"Дарыгер отпускага кетти, оорукана убактылуу иштебейт". Ак-Талаадагы окуя

1722
(жаңыланган 12:53 17.08.2019)
Кеп Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылындагы оорукана тууралуу болууда.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Соцтармактагы "Дарыгер эс алууга кетти. Оорукана убактылуу иштебейт" деген кулактандыруу колдонуучулар тарабынан катуу сынга алынды. Билдирүү Instagram баракчасына жарыяланган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ЧерныйСписокKG🇰🇬🔒 (@black_list.kg)

Колдонуучулар сынга алган оорукана Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылында жайгашкан. Соцтармакка чыккан кабарда медициналык жайдын жана кулактандыруунун сүрөтү да жарыяланган.

"Врач отпускага чыккандыгына байланыштуу 01.08.2019-ж. баштап 05.09.2019-ж. чейин убактылуу оорукана жабылды", — деп жазылган кулактандырууда.

Окуя боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору Муратбек Алияскаров дарыгердин эс алууга кеткенин тастыктап, бирок ооруканада медайым иштеп жатканын айтты.

"Чолок-Кайың айылында аймактык оорукананын филиалы бар. Айылда 2500гө чукул адам болсо, ошонун баарын болгону бир дарыгер карайт. Ал жылына бир жолу 40 күнгө эс алууга чыгат. Азыркы тапта ошол эмгек өргүүсүн алган. Бирок айылда стационардык кызмат жабылып калган жок, медайым иштеп жатат. Ал күнүнө 3 саат 15 мүнөт иштеп, шашылыш жардам болсо жеринде медициналык кызмат көрсөтөт. Өзгөчө кырдаал болуп кетсе, райондон тез жардам чакыртат. Ал эми "оорукана убактылуу жабылат" деген кулактандыруу кандайча илинип калгандыгы тууралуу маалымат жок. Балким, бул жөн гана каралоодур...", — деди Алияскаров.

Саламаттык сактоо министрлигинин Нарын облусундагы координатору тоолуу аймакта дарыгерлер аз экенин айтып, бүгүнкү күндө Нарын облусу боюнча 116 дарыгер жетишпей турганын кошумчалады.

1722
Белгилер:
эс алуу, дарыгер, оорукана, Ак-Талаа району, Нарын облусу
Тема боюнча
Кыргызстандагы менчик клиникалар эмне болот? Депутат маанилүү мыйзам жөнүндө
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

49
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

49
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

86
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

86
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды