ИИМ: Сейит Атамбаевдин кайнатасынын үйүнөн акча жана бир топ тизме табылды

Жазылуу
Министрликтин айтымында, тинтүү 9-августка караган түнү жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кудасынын үйүн тинтүүдө акча жана адамдардын аты-жөнү жазылган барактар табылды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Тинтүү 9-августка караган түнү Атамбаевдин кудасы, уулу Сейитбектин кайнатасы Дж. М. аттуу адамдын үйүндө жүргүзүлгөн.

"Сейитбек Атамбаев 8-августта кайнатасынын үйүндө калтырып кеткен 170 миң сом акча, адамдардын аты-жөнү жазылган барактар табылды. Анда алардын жашаган жери, телефон номерлери көрсөтүлгөн. Ошондой эле 2,2 миллион сом менен 318 миң доллар чыгымдалганы белгилүү болду. Болжолдуу маалыматтар боюнча акчалар митингге чыккандарды жана башаламандык уюштургандарды каржылаганга кетиши мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ тизмедегилер такталып жатканын белгилеп, анын жыйынтыгы менен чечим чыга турганын кошумчалады.

Кой-Таштагы окуя

Прилёт в Уфу Президента Киргизской Республики Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаевдин камакка алынган 120 мүлкүнүн тизмеси жарыяланды
7-августта кечинде УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармоого аракет кылып, бирок ал ишке ашпай калган. 8-август күнү ИИМ атайын операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген болчу. Акыркы маалыматтар боюнча, эки күндөгү чыр-чатактан 136 киши түрдүү жаракаттарды алган. Спецназдын бир кызматкери окко учкан. Алмазбек Атамбаев 26-августка чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизилген. Аны менен кошо бир нече жактоочусу да кармалган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0