БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева "Таза табигат" коомдук бирикмесинин башчысы Анара Дауталиева менен жолугуп, өлкөдөгү мыйзамсыз басып чыгарылган окуу китептери боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Дауталиева окуу китептерин мыйзамсыз басып чыгарган басмаканалар салык төлөбөй турганын айтты.
"Айрым типографиялар окуу китептерин чыгарууга көп ресурс жумшаган укук ээлеринин уруксаты жок эле китептерди мыйзамсыз чыгарып жатышат. Бул маселе боюнча президентке да кат жазгам, ал өз көзөмөлүнө алган. Мындай жол менен Кыргызстанда окуу китептерин чыгаруу тармагы өнүкпөйт. Аталган басмаканалар салык да төлөшпөйт, бюджетке алардан каражат да түшпөйт", — деди Дауталиева.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева окуу китептерин басып чыгарууда чекилик болбош үчүн атайын жобо иштелип чыкканын айтты.
Белгилей кетсек, буга чейин катасы менен чыгып кеткен китептер коомдо бир топ талаш-тартыш жараткан. Ал эми Башкы прокуратура ушул китептерди басууда мыйзамсыз түрдө 32 миллион 749 миң сом корогонун аныктап, Билим берүү жана илим министрлигине кылмыш ишин козгогон.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Россиянын 11 аскер адамы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун энчилүү кол сааты менен сыйланды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин № 20022 аскер бөлүмүнүн кызматкерлери "Коопсуздук — 2021" аскердик машыгууларына катышкан.
Саат тапшыруу аземи "Кант" авиабазасында болуп, анда Кыргызстандын Коргоо министрлигинин жетекчилиги жана Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери болгон.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылган.
БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Ош шаарында балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имараты курулуп бүтүп, ишке берилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, жаңы оорукананын ачылыш аземине саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов катышкан. Иш-чарада министр дарыгерлердин айлык акылары көтөрүлө тургандыгын белгилеген.
Ал эми вице-мэр Эмиль Шадыханов былтыркы жылдагы каталыктарды кетирбеш үчүн шаар мэриясы болгон күч аракетин жумшап, жугуштуу илдет боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чараларын көрүп жаткандыгын кошумчалаган.
100 орунга ылайыкташкан оорукананын курулушу бир жыл ичинде бүткөнү айтылды. Ал эми медициналык мекеменин эски имараты толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөнү маалым болду.