Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков. Архивов во время выступления

УКМК Сапар Исаковдун азыркы абалы боюнча маалымат берди

384
Мурдагы премьер-министрдин абалы начарлап, 16-августта ооруканага түшкөн.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Сапар Исаковдун абалы туруктуу. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Эске салсак, абактагы мурдагы премьер-министрдин абалы начарлап, 16-августта ооруканага түшкөн.

"Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануудан өтүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Исаковго "омуртка артериясынын синдрому" деген диагноз коюлган. Ушу тапта ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө жатат.

Белгилей кетсек, Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.

384
Белгилер:
УКМК, оорукана, Сапар Исаков
Тема боюнча
Сапар Исаков ооруканада калтырылды
Сапар Исаковдун адвокаты мурунку премьердин абалы тууралуу айтты