Өмүрбек Бабанов Финполдо сурак берип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековВозвращение Омурбека Бабанова в Кыргызстан
Возвращение Омурбека Бабанова в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-депутат Кыргызстанга 9-августта келген.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматында сурак берип жатат. Бул туурасында коргоо органдарындагы маалымат булагы билдирди.

Азырынча Бабановдун кайсы иш боюнча суроолорго жооп берип жатканы белгисиз.

Депутат и кандидат в президенты Омурбек Бабанов - Sputnik Кыргызстан
Башкарманын баласы Өмүрбек Бабанов тууралуу 9 факты
Эске салсак, Өмүрбек Бабанов 2017-жылы өткөн президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан.

УКМК Бабановго эки кылмыш иши козголгонун эскертти. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн.

Ал эми 8-августта, УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0