Ооруканада жаткан Сапар Исаков жубайы менен жолукту

Жазылуу
Мурдагы премьер алгач ооруканага түшкөндө келинчегин киргизбей коюшкан.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Ооруканада жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн жубайы Малика Арстанбекова менен жолукту. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине адвокаты Нурбек Токтакунов билдирди.

Жактоочунун айтымында, Исаковду көрүүгө туугандарынын ичинен бир гана келинчеги уруксат ала алган. Ал жолдошу менен кезигип, жанында үч саат отуруп чыккан.

УКМКнын тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министрдин абалы начарлап, 16-августта ооруканага түшкөн. Аны көрүүгө келген жубайын палатаны кайтарып турган УКМК кызматкерлери киргизбей койгон.

Белгилей кетсек, Сапар Исаковдун баш коргоо чарасынын мөөнөтүнүн узартылышы боюнча жактоочулардын даттануусу бүгүн саат 16.45те Бишкек шаардык сотунда каралат.

"Негизи сотко Сапар Исаков өзү катышышы керек. Бирок ал ден соолугуна байланыштуу бара албайт. Жараянга жактоочулары катышабыз", — деди Токтакунов.

Тергөө абагы мыйзамды одоно бузган! Жактоочусу Исаковдун абалы тууралуу. Видео - Sputnik Кыргызстан
Тергөө абагы мыйзамды одоно бузган! Жактоочу Исаковдун абалы тууралуу. Видео
Исаковго "омуртка артериясынын синдрому" деген диагноз коюлган. Ушу тапта ал Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүндө жатат.

Белгилей кетсек, Сапар Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президенттин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланганы айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0