Учак. Архив

Бишкек Дели Бишкек авиакаттамы кайрадан ишке кирди

(жаңыланган 17:03 20.08.2019)
Рейс февраль айында токтотулган.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. 22-августтан тарта Бишкек — Дели — Бишкек авиарейси кайрадан каттай баштайт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Каттамдарды дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү Avia Traffic компаниясы аткарат.

"Делиге Boeing 737 учагы менен 2 саат 50 мүнөттө жетүүгө болот", — деп айтылат маалыматта.

Рейс үстүбүздөгү жылдын февраль айында Индия менен Пакистандын ортосундагы аба мейкиндиги боюнча чырга байланыштуу токтотулган. Пакистан алар аркылуу Индия тарапты көздөй учууга тыюу салган. Конфликт Индия Пакистандын аскер учагын атып түшүргөндүгүн жар салгандан кийин башталган.

Белгилер:
учак, Бишкек, Индия
Тема боюнча
Самолет менен учкандан коркосузбу? Психологдон кеңеш
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

(жаңыланган 11:19 23.04.2021)
Юридикалык клиникалар ассоциациясынын жетекчиси, илимдин кандидаты Артур Бакиров алимент төлөө кандайча аныктала турганын айтып берди.

Жубайлар ажырашып кеткен учурда ортодо үч же андан көп бала болсо атанын же эненин тапкан кирешесинин 50 пайызы алимент катары төлөнөт. Бул тууралуу Артур Бакиров Sputnik Кыргызстан радиосунун "Онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.

Бакиров: үч же андан көп балага кирешенин 50%ы алимент катары төлөнөт

Анын айтымында, үлүштүн өлчөмү тараптардын материалдык, үй-бүлөлүк абалын же көңүлгө алынуучу жагдайларын эске алуу менен сот аркылуу аныкталат.

"Ата-эне өздөрүнүн жашы жетпеген балдарын багууга милдеттүү. Анын тартиби Кыргызстандын Үй-бүлө кодексинин 85-беренесине ылайык, ата-эне тарабынан аныкталат. Жашы жетпеген балдарды багууга каражат берилбесе, сот тарабынан өндүрүлөт. Бир балага ата-эненин кирешесинин төрттөн бири, эки балага үчтөн бири, ал эми үч же андан көп бала болсо, тапканынын жарымы бөлүнөт. Алименттин орду жагдайга жараша азык-түлүк менен да толтурулушу ыктымал. Ата-эненин кирешесинин жоктугу аларды алимент төлөө милдетинен бошотпойт. Кыймылсыз же кыймылдуу мүлктү менчигине өткөрүп берип, алименттин белгилүү бир суммасынан кутулушу керек", — деди Бакиров.

Юрист ата же эне жашы жеткен, бирок эмгекке жөндөмсүз, кайсы бир дартына байланыштуу жардамга муктаж балдарга жардам берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.

Белгилер:
ата-эне, алименты, юрист, Артур Бакиров
Тема боюнча
Документи жок мүлк жубайлар ажырашканда кантип бөлүнөт? Юристтин кеңеши
Бишкек — Тегеран авиакаттамдын учагы. Архив

Министрликте Бишкек Тегеран авиакаттамын жандантуу талкууланды

(жаңыланган 11:11 23.04.2021)
Пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик жана транспорттук байланыштарды калыбына келтирүү тууралуу да кеп болгон.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев Ирандын элчиси Саид Харазини кабыл алып, эки өлкөнүн ортосунда авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын кеп кылышкан.

"Анын ичинде пандемиядан кийинки мезгилде транзиттик-транспорттук байланыштарды калыбына келтирүүнү жана жакын арада эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жандантууну талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле дипломаттар кыргыз-иран өкмөттөр аралык макулдашууларын практикалык түрдө ишке ашырууга жардам берген биргелешкен комитет түзүүнү сүйлөшүшкөн.

Белгилер:
сүйлөшүүлөр, элчи, авиакаттам, ТИМ, Иран, Кыргызстан
Тема боюнча
Ростов-на-Дону шаарынан Ошко авиакаттам ачылып, биринчи жүргүнчүлөр келди. Сүрөт