Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери экс-депутат Өмүрбек Бабановдун айдоочусун унаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн айыпка жыкты

Бабанов суралып жаткан маалда ЖКККББ айдоочусун айыпка жыгып кетти. Сүрөт

602
(жаңыланган 21:07 20.08.2019)
кеткенин жар салган Бабанов учурда УКМКда сурак берип жатат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери экс-депутат Өмүрбек Бабановдун айдоочусун унаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн айыпка жыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

  • Сотрудники Управления обеспечения безопасности дорожного движения (УОБДД) Бишкека оштрафовали водителя экс-кандидата в президенты Омурбека Бабанова за тонировку автомобиля
    Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери экс-депутат Өмүрбек Бабановдун айдоочусун унаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн айыпка жыкты
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Сотрудники Управления обеспечения безопасности дорожного движения (УОБДД) Бишкека оштрафовали водителя экс-кандидата в президенты Омурбека Бабанова за тонировку автомобиля
    Белгилей кетсек, унаа айнегин мыйзамсыз караңгылатканы үчүн 5 500 сом өлчөмүндө айып каралган
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
  • Сотрудники Управления обеспечения безопасности дорожного движения (УОБДД) Бишкека оштрафовали водителя экс-кандидата в президенты Омурбека Бабанова за тонировку автомобиля
    Мында өлкөнүн биринчи адамдарынын, мамлекеттик күзөт кызматынын жана айрым атайын унаалардын терезелерин гана караңгылатууга уруксат берилген.
    © Sputnik / Нурис Алымбаев
1 / 3
© Sputnik / Нурис Алымбаев
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери экс-депутат Өмүрбек Бабановдун айдоочусун унаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн айыпка жыкты

Бабанов өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берип жатат. Ал 2017-жылы болгон президенттик шайлоо өнөктүгүндө Оштогу Амир Тимур кичирайонундагы айтылган сөздөр боюнча козголгон иште күбө катары өтүүдө. Шайлоо жарышында ал экинчи орунга ээ болгон.

Бабанов бүгүн УКМКга Lexus LX 570 үлгүсүндөгү ак түстөгү жол тандабас менен келген. Анын терезелери караңгылатылган болчу.

Белгилей кетсек, унаа айнегин мыйзамсыз караңгылатканы үчүн 5 500 сом өлчөмүндө айып каралган. Мында өлкөнүн биринчи адамдарынын, мамлекеттик күзөт кызматынын жана айрым атайын унаалардын терезелерин гана караңгылатууга уруксат берилген.

602
Белгилер:
айып, мыйзам, караңгылатуу, унаа, Өмүрбек Бабанов
Тема боюнча
УКМК Бабанов суракта кайсы суроолорго жооп берерин айтты
Президентке жана күч түзүмдөрүнө рахмат! Бабановдун УКМК алдындагы видеосу