Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыкты

© Sputnik / Нурис АлымбаевЭкс-депутат ЖК Омурбек Бабанов отвечает на вопросы журналистов после допроса в ГКНБ
Экс-депутат ЖК Омурбек Бабанов отвечает на вопросы журналистов после допроса в ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бабанов жума күнү УКМКга кайрадан суракка барат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Президенттикке талапкерлигин койгон экс-депутат Өмүрбек Бабанов УКМКга сурак берип чыкты.

Мурдагы депутат сурак агрессиясыз, тынч өткөнүн билдирип, эртең саат 15.00гө Финполго, жума күнү саат 15.00гө кайра УКМКга суракка чакырылганын билдирди.

"Он-Адыр маселеси боюнча күбө катары суракка алышты. Суракты сылык жүргүзүштү, буга ыраазымын. Буйруса, иш мыйзам чегинде каралып, жоюлат деп ишенем", — деди Бабанов.

Журналисттер ал сурак берип жаткан кезде инспекторлор анын айдоочусун унаасынын терезелерин караңгылатып алганы үчүн айыпка жыгып, автону алып кеткенин айтышты.

"Унаамды алып кетишкенин билбейт экем. Терезелерди караңгылатууга менде мыйзам чегинде уруксат кагазым бар", — деди Бабанов.

Белгилей кетсек, саясатчы кечээ, 19-августта, "Кыргызстан" банкынын иши боюнча Финполго сурак берген. Ал эми бүгүн президенттик шайлоонун алдында Он-Адырда сүйлөгөн сөзү боюнча УКМКга кирген.

ЖКнын мурунку депутаты Өмүрбек Бабанов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бийлик менен сүйлөшүп алып келдиби? Өмүрбек Бабанов кайтышы тууралуу
Өмүрбек Бабановго УКМК тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Биринчисинде, улут аралык кастыкты козутуу боюнча айып тагылса, экинчисинде, бийликти күч менен басып алмакчы болгон деп күнөөлөнгөн. Ал 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, экинчи орунду алган. Андан кийин өлкөдөн чыгып кетип, саясаттан биротоло кеткенин билдирген.

Бирок экс-депутат ушул жылдын апрель айында Бишкекке кайтып келүү ниетин билдирип, кайра кийин ал чечиминен баш тарткан.

Арадан төрт ай өткөн соң, 9-августта Бишкекке келип, тарапташтары менен жолугушкан. Ошол эле учурда УКМК Бабанов Кыргызстанга кайтып келсе, мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскерткен болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0