Бишкек — Москва поезд каттамынын билеттери арзандайт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүПоезд. Архив
Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Темир жол менен саякаттаган эс алуучулардын тобу үчүн билеттер 20-30 пайызга чейин төмөндөйт.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жүргүнчүлөр үчүн Бишкек — Москва поезд каттамынын баасы арзандайт. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен кабарлашты.

Троллейбус. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Эми жол кире төлөөгө зер буюмдар да "жарайт". Жаңы ыкмалар тууралуу
Маалыматка ылайык, "Кыргыз темир жолу" Улуттук компания" мамлекеттик ишканасы менен россиялык "Российские железные дороги" ААКсы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, жол кирени арзандатуу чечимине келишкен. Анын негизинде 2020-жылдын башынан тарта билеттердин баасы вагондордун категориясына жараша 18,1 жана 19,9 пайызга чейин төмөндөйт.

Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айынан тарта "Кыргыз темир жолунун" кассаларында Россия, Казакстан жана Белоруссиянын ички каттамдарынын билеттери да арзандай баштайт.

"Самара — Саратов темир жол каттамынын учурдагы баасы 4 120 сом болсо, жаңы кызмат киргенден кийин анын наркы 1581 сом болот", — деп министрликтен билдиришти.

Мындан сырткары, темир жол менен саякаттаган эс алуучулардын тобу үчүн дагы билеттердин баасы 20-30 пайызга чейин төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0