Кара-Булак айылындагы мектеп. Архив

Мамлекет окуткан 1531 жаш мугалим аймактарга иштөөгө жиберилди

223
(жаңыланган 10:00 22.08.2019)
Өткөн окуу жылы ЖОЖдорду бюджеттик жана контракттык негизде 4186 жаш адис аяктады.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Жогорку окуу жайлардын педогогикалык факультеттерин бюджеттик негизде бүтүргөн 1531 жаш окутуучу республиканын ар кайсы аймагына иштөөгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Өткөн окуу жылы ЖОЖдорду бюджеттик жана контракттык негизде 4186 жаш адис аяктаган.

"1531 мугалимдин 131и чек арага жакын аймактардагы мектептерге жиберилди. Окуу жылынын башталышы менен иштөөгө жолдомо алган адистердин канчасы жумушка орношкондугуна мониторинг жүргүзөбүз", — дешти министрликтен.

Маалыматка караганда, Кыргызстан боюнча ушул тапта 77 миң мугалим иштеп жатат.

223
Белгилер:
жолдомо, мектеп, мугалим, Кыргызстан
Бишкек ТЭЦ ишкананын директору Андрей Воропаев. Архивдик сүрөт

Бишкек ТЭЦтин жетекчиси Воропаев билдирүү жасады

276
(жаңыланган 15:24 29.10.2020)
Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек ТЭЦинде эч кандай авария болгон жок. Бул тууралуу ишкананын директору Андрей Воропаев журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, биринчи подстанциянын коргонуучу системасы иштеп кеткен.

Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады

"Кабатыр болууга эч кандай негиз жок. Авариялык коргонуучу система иштеп кеткендиктен ТЭЦтен буу чыкты. Ал түтүн эмес. Мындай көрүнүш биринчи жолу болуп жаткан жок. Буу казан жарылып кетпеши үчүн бууну чыгарып салды", — деди Воропаев.

Ал ошондой эле учурда калыбына келтирүү иштери 75 пайызга аяктап калганын, бир сааттын ичинде баары жайында болорун белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкекте саат 13.10дор чамасында массалык түрдө жарык өчө баштады. Анын айынан светофорлор иштебей жол тыгыны жаралды. Ал эми Бишкек ТЭЦтен оргуштап буу чыккан.

Учурда эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.

276
Белгилер:
БУУ, ТЭЦ, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Авария эмес. "Түндүк электр" Бишкек ТЭЦте эмне болгонун тактады
"Түндүк электр": жарык ТЭЦтеги аварияга байланыштуу өчүп жатат
Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео
Кыргыз темир жолу ишканасында вагондорду араалап салышкан

Вагондорду араалап салышкан. "Кыргыз темир жолунун" бөлүм башчысы кармалды

57
(жаңыланган 15:26 29.10.2020)
Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынан кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтан (Финансы полициясы) билдиришти.

  • Кыргыз Темир Жолу мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды
    "Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган
    Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат
    Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
  • Учурда чыгымдын көмөлү такталууда
    Учурда чыгымдын көмөлү такталууда
    © Фото / пресс-служба ГСБЭП
1 / 4
© Фото / пресс-служба ГСБЭП
"Кыргыз Темир Жолу" мамлекеттик ишканасынын Жүктөрдү ташуу жана коммерциялык иштер башкармалыгынын жетекчиси кызматынын кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип кармалды

Тергөө маалында аталган ишкананын айрым кызматкерлери темир жол вагондорун уруксат кагаздары жок эле араалап салганы аныкталган.

"Мындан улам мамлекетке материалдык чыгым келтирилген. Шарт боюнча, ишкананын балансында турган мүлк жарактан чыкса Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду менен макулдашуудан кийин гана жок кылынышы керек. Бирок фонд вагондорду жок кылууга уруксат кагазын бербегенин билдирди", — деп айтылат кабарда.

Кармалган жетекчиге бүгүн Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы тандалат.

Учурда чыгымдын көлөмү такталууда.

57
Белгилер:
чыгым, мыйзам, шектүү, коррупция, жетекчи, Кыргыз темир жолу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты
УКМК: коррупциялык иштерге күбө болгондор үчүн ишеним телефондор иштей баштады
Акча каражаттары. Архив

Өлкө бюджетинин дефицити дагы 8 млрд. сомго көбөйдү

0
(жаңыланган 15:48 29.10.2020)
Учурда жаңы куралган өкмөттүн алгачкы жыйыны өтүп жатат. Анда кыска мөөнөттө экономиканы турукташтыруу жана бюджетке өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандын бюджетинин тартыштыгы 35,6 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди.

Учурда 2020-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси талкууланып жатат.

Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 137,2 миллиард сом (1,8 млрд. көбөйүп жатат). Ал эми чыгаша бөлүгү 172,8 миллиард сомго жетти, муну менен мурда кабыл алынган бюджетке 9,7 миллиард сом кошулуп жатат.

Кымырылган 9 млрд. сом: Салык кызматы Финполдун кинеси негизсиз экенин айтты

Анын натыйжасында бюджеттин тартыштыгы 35,6 миллиард сомду түзүп, дефициттин көлөмү дагы 7,9 миллиард сомго көбөйдү.

Ал эми өлкөнүн ички дүң продукциясы тогуз айда 400,2 миллиард сом болуп, 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөгөнү маалым болду.

Жапаров учурда жаңы куралган өкмөттүн алгачкы жыйынын өткөрүп жатат. Анда кыска мөөнөттө экономиканы турукташтыруу жана бюджетке өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланууда.

ЖК, президент жана өкмөттүн аппараттары бюджеттен канча каражат алары айтылды

Белгилей кетсек, республикалык бюджетке ушуну менен экинчи ирет өзгөртүү киргизилип жатат. Коронавирустун кесепетинен улам июнь айында дагы өзгөртүү киргизилип, бюджеттин тартыштыгы 27 692,2 миллион сом менен бекитилген.

0
Белгилер:
өзгөртүүлөр, тартыштык, бюджет, өкмөт, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет
Кыргызстан миллиондогон доллар жоготобу? Эксперттердин кооптонуусу