Сот эмнеге таянып Текебаевдин өкүмүн жокко чыгарды. Адвокаттын түшүндүрмөсү

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүОмурбек Текебаев. Архивное фото
Омурбек Текебаев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адвокаттар Текебаев менен Чотоновдун пара албаганын далилдеген фактыларды таап чыгышканын айтууда.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго карата чыккан райондук соттун өкүмү эмненин негизинде жокко чыгарылганын адвокаттары түшүндүрдү.

 Бүгүн Бишкек шаардык сотунда Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган аткаминерлердин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сот отуруму болду - Sputnik Кыргызстан
ТЭЦ боюнча кармалган аткаминерлер тергөө абагында калтырылды. Сот залынан сүрөт
Белгилей кетсек, кечээ, 21-августта, Жогорку сот абактагы аткаминерлерге карата буга чейин чыккан чечимдерди жокко чыгарып, кайра кароо үчүн Биринчи Май райондук сотуна жөнөткөн. Буга жаңы ачылган жагдайлар себеп болгон.

Жактоочулар Текебаев менен Чотонов россиялык бизнесмен Леонид Маевскийден пара албаганын далилдеген фактыларды таап чыгышканын билдирди. Тергөөнүн версиясы боюнча 2010-жылы 13-майда Леонид Маевский Бишкектеги Hyatt мейманканасына жайгашкан. Чынында ал күнү ошол мейманкананын каттоосуна Маевский эмес, Леонид Борисов деген адам катталганын белгилешет адвокаттар.

Ошондой эле юристтер айып таккан дагы бир негизги күбө, россиялык бизнесмен Алексей Модин тергөөдө жана сотто жалган көрсөтмө бергенин айтууда. Модин өз көрсөтмөсүндө MegaCom компаниясынын көзөмөл пакетин алуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду алгач 2010-жылы майда Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү жайгашкан Өкмөт үйүндөгү Текебаевдин кабинетинде болгонун айткан. Андан кийин "Супара" ресторанында жолугушканын билдирген.

"2017-жылы кышта тергөө эксперимент жүргүзгөндө, Модин тергөөчүлөрдү 2010-жылы Алмазбек Атамбаев отурган кабинетке алып кирген. Текебаев ал кабинетте эч качан отурган эмес. Бул бардык күбөлөр тарабынан жана имараттын планы боюнча тастыкталды. Мындан сырткары, ошол эле Модин жана Маевский 2010-жылы 13-майда Текебаев жана Чотонов менен "Супарада" жолукканын айтышкан. Бирок бул да жалган. Текебаев ал күнү түнгө чейин жумушта болгон. Ал Конституциялык жыйын өткөрүп, Убактылуу өкмөттүн чукул жыйынына катышкан. Муну бардык күбөлөр тастыктайт. Ал эми Чотонов түштүккө учуп кеткен. Бул күндөрү ал жактагы кырдал тынч болбой, бийликти кайтарып алууну каалагандар көтөрүлгөн", — деди жактоочу Таалайгүл Токтакунова.

Белгилей кетсек, экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылдын 26-февралында УКМК тарабынан кармалган

Текебаевдин иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот Атамбаевдин камактагы мөөнөтүн узартты
Анын алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский "Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды" деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 2017-жылы 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Кийин Россиянын Мамдумасынын мурдагы депутаты Леонид Маевский Москва шаарынан кармалган. Ал жан-жөкөрү менен "Альфа-групп" жана "А1" компаниясынын өкүлдөрүнөн 40 миллион доллар талап кылып, "аны бербесеңер силерге шек келтире турган маалыматтарды таратабыз" деп коркуткан деп шектелүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0